Президент Садыр Жапаров Харбиндеги “Ябули” лыжа курортунун видеосун соцтармактардагы баракчасына бөлүштү. Өлкө башчысын курорттогу лыжа тебүү трассаларынын уюштурулушу жана инфратүзүм кызыктырган.
“Ябулиде” дүйнө жүзүндөгү эң узун жана эң бийик тоо лыжа трассалары орун алган. Анын ичинде 48 бурулушу, 2680 метрлик трассасы бар. Трассалардын жогору жагына чыгуу үчүн заманбап жабдуулар орнотулуптур. Кышкы туризмден эле канчалаган киреше түшүп жатканын өзүңүздөр түшүнүп жатсаңыздар керек. Жыйынтыктап айтканда “Ябули” — бул улуттук деңгээлдеги тоо лыжа курорту экен. Буюрса, биз дагы сүйүктүү Кыргызстаныбызда ушундай тоо лыжа комплексин курабыз. Жакында куруу иштери башталат!» — деп жазган ал.
“Ябули” тоо лыжа курорту 1996-жылы кышкы Азия оюндарын, 2009-жылы Кышкы универсиаданы кабыл алган жай. Ал жерде сноуборд боюнча дүйнө кубогу, жаштар чемпионаты өтүп турат. Курорт эки негизги бөлүктөн турат. Кесипкөй спорттук лыжа тебүүчүлөр үчүн жана туристтер үчүн.










