Садыр Жапаров Индия менен Пакистандын ортосундагы чыңалуунун күчөшүнө байланыштуу терең тынчсыздануусун билдирди.
«Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө болгон дос өлкөлөрүбүз Индия менен Пакистандын ортосундагы чыңалуунун күчөшүнө байланыштуу терең тынчсыздануубузду билдиребиз. Эки тарапты максималдуу сабырдуулукка, чыр-чатактын мындан ары күчөшүнө жол бербөөгө жана тынчтык жолу менен чечүү үчүн сүйлөшүүлөргө кайтууга чакырабыз. Кыргыз Республикасы дайыма стабилдүүлүктү, коопсуздукту жана эл аралык укукту урматтоону жактайт», — деп айтылат маалыматта.