Чектеш өлкөлөр менен мамлекеттик чек аранын юридикалык тариздөө аяктаган жок, айрым участкалар боюнча сүйлөшүү процессиндеги татаалдыктар, Кыргызстанга стратегиялык транспорттук инфраструктуранын коңшу өлкөлөрдүн аймактары аркылуу өтүшү — республиканын аймактык бүтүндүгүнө тикелей коркунуч туудуруп жатат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров жыйында билдирди.
«Быйыл биз кыргыз-тажик чек арасында болгон окуялардын кесепетинен жабыркаган Баткен облусун 3 айдын ичинде калыбына келтирдик, Баткенге биринчи жолу стратегиялык чек катары мамлекеттик деңгээлде көңүл бурулду, облуска өзгөчө статус берилди, өнүктүрүү программасы кабыл алынды. 500 миллион сомду жыл сайын бөлүп туруу чечимин кабыл алдык. Баткен боюнча көп иштерди аткардык», — деди ал.
Мамлекет башчысы өткөн жылы президенттик шайлоого аттанганда биринчи үгүт иши Раззаковдун жери — Баткенден баштаганын эске салды. «Мен бир жаңылыкты айтып коюшум керек. Быйыл Раззаковдун 110 жылдыгынын урматына Исфана шаарын Раззаков шаары деп атоо боюнча чечимимди кабыл алдым», — деди ал.