Президент Садыр Жапаров 2-июлда иш сапары менен Москва шаарына барат. Жапаровдун Орусиянын президенти Владимир Путиндин менен эки тараптуу жолугушуусу күтүлүүдө.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-орус кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, анын ичинде соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана инвестициялык чөйрөлөрдөгү маселелерди талкуулашат.












