Президент Садыр Жапаров 30-июнда Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддинди Чолпон-Ата шаарында кабыл алды.
«Жолугушууда өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана чек ара кызматташтыгын өнүктүрүү маселелери талкууланды. Ошондой эле президент Садыр Жапаровдун Тажикстанга алдыда боло турган сапарын талкуулашты»,— деп айтылат маалыматта.
Мамлекет башчысы биргелешкен аракеттердин аркасында Кыргызстан менен Тажикстан эки тараптуу өз ара аракеттенүүгө туруктуу өнүгүү динамикасын берүүгө жетишкенин белгиледи.
Садыр Жапаров ошондой эле үстүбүздөгү жылдын март айында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы жөнүндө тарыхый келишимге кол коюлганын эске салды.
Өз кезегинде Сирожиддин Мухриддин бардык тармактарда, анын ичинде соода-экономикалык чөйрөдө кызматташтыкты арттырууга даярдык билдирди.











