Дүйшөмбү, 23.06.2025
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР КООМ

Садыр Жапаров журналисттерди майрамы менен куттуктады

10:28 07.11.2024
0
Садыр Жапаров журналисттерди майрамы менен куттуктады

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-ноябрда журналисттерди жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн кесиптик майрамы — Маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктады.

Мамлекет башчысынын куттуктоосу:

“Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү! Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктайм! Туура, так, калыс маалымат менен камсыз кылуу аркылуу аң-сезимдүү коом курууда жалпыга маалымдоо каражаттарынын ролу абдан маанилүү. Бул өңүттөн алып караганда мамлекет тарабынан жүргүзүлүп жаткан саясатты, жасалып жаткан иштерди калың элдин катмарына жеткирүүдө сиздердин кызматыңыздардын орду баа жеткис.

Сиздер аркалаган кесип ар бир сөзгө маани берүүнү, далилдерге кылдат токтолууну, калыстыкка өзгөчө көңүл бурууну талап кылат. Себеби, жарыяланган ар бир маалымат, ар бир уктуруу, ар бир репортаж, керек болсо ар бир кабар бир эле жарандын дүйнө таанымына таасир этпестен, бүтүндөй бир коомдук пикирдин түзүлүшүнө да чоң салым кошот, болуп жаткан окуя боюнча элдин сезимин козгойт.

Бул, айрыкча, азыркы тездик менен өзгөрүп жаткан дүйнөлүк процесстер маалында таасын байкалууда. Акыл-парасат менен жоопкерчилик принциптери чыныгы журналисттин эң маанилүү сапаттарына айланды. Мындан улам, жаңы Кыргызстанды куруу жолунда коомдогу окуяларды калыс чагылдырууга дилгирлигиңиздерди, умтулууңуздарды жогору баалайбыз.

Кара-Кыргыз автономдуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы менен удаалаш уюшулган Кыргыз мамлекетинин улуттук алгачкы басылмасы “Эркин Тоо” гезитине бүгүн 100 жыл толуп олтурат. Эгемендик жылдарында сиздердин кесиптик майрамыңыздар белгиленген 7-ноябрь дал ушул тунгуч гезитибиздин жарык көргөн күнүнө байланыштуу “Маалымат жана басма сөз күнү” деп жарыяланганын жакшы билесиздер. Кыргыз мамлекети жаңыдан түптөлүп жаткан шартта Кара-Кыргыз автономдуу облусунун расмий басылмасы “Эркин Тоо” гезитинин көтөргөн жүгү канчалык өлчөөсүз болсо, бүгүнкү ааламдашуу доорунда кыргыз журналистикасынын орду дагы ошончолук баалуу, ошончолук жоопкерчиликтүү.

Бүгүнкү күндө жаңы технологиянын, интернеттин заманында, медиа мейкиндигинин табияты өзгөргөн шартта адилеттүүлүк жана калыстыкты туу туткан журналисттерибиз күнү-түнү талыкпай эмгектенип, ар бир сөздүн түбүнө түнөп, анын чын-бышыгын аныктоо менен өлкөдөгү маалымдуулукту камсыздоодо жигердүү кызмат кылып келишүүдө.

Урматтуу журналисттер! Сиздерди бүгүнкү кош майрамыңыздар менен дагы бир жолу куттуктайм. Баарыңыздарга чыгармачыл эргүү, кенен ой-чабыт каалайм жана ишиңиздерди албан-албан ийгиликтердин коштоосуна тилектешмин. Элибиз күткөн жаңылыктарды даярдоодо кылган эмгегиңиздер ар дайым канагат алып келсин, мээнетиңиздер акталып эң жакшы жыйынтыкка – жалпы окурмандардын, көрүүчүлөрдүн жана угармандардын сый-урматына ээ болуңуздар. Майрамыңыздар кут болсун!”.
БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Эдита Ильясова

Эдита Ильясова

Окшош

24-июнга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

24-июнга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

Автор Эдита Ильясова
18:01 23.06.2025
0

Эртең, 24-июнда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде, Чүй облусунун тоолуу райондорунда кыска мөөнөттүү жаан жаап, күн күркүрөйт. ...

Ташкенттен Тамчыга учак учуп баштады

Ташкенттен Тамчыга учак учуп баштады

Автор Эдита Ильясова
17:38 23.06.2025
0

Ташкент-Тамчы багыты боюнча үзгүлтүксүз жүргүнчү каттамдарын аткара баштады. Бул тууралуу "Кыргызстан аэропорттору" билдирди. Каттамдар 22-июндан тарта аткарыла баштады жана 2025-жылдын...

«Аруузатка «Золгенсма» дарысы жардам берген эмес» деген кызматкерге чара көрүлдүбү?

«Аруузатка «Золгенсма» дарысы жардам берген эмес» деген кызматкерге чара көрүлдүбү?

Автор Эдита Ильясова
17:18 23.06.2025
0

17-марттагы Жогорку Кеңештин комитет жыйынында «Кыргызфармация» ишканасынын жетекчисинин милдетин аткаруучу Наргиза Тохтасинова омуртка булчуң атрофиясы (СМА) менен жабыркап, «Золгенсма» дарысын алган Аруузатка дары...

Депутат: «Кен казууда цианидди колдонууга тыюу салса болбойбу?»

Депутат: «Кен казууда цианидди колдонууга тыюу салса болбойбу?»

Автор Эдита Ильясова
16:42 23.06.2025
0

"Кыргызстанда алтын казгандарга эмне үчүн каршы чыгышат? Себеби, жергиликтүү элге калдыктардын зыяны тийбесин дешет" деди депутат Кубанычбек Самаков бүгүн, 23-июнда...

Президенттин иш башкаруучусу «Нарын такыр каралбай калды» дегендерге жооп берди

Президенттин иш башкаруучусу «Нарын такыр каралбай калды» дегендерге жооп берди

Автор Эдита Ильясова
16:29 23.06.2025
0

Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев учурда социалдык тармактарда тарап жаткан Нарын облусунун өнүгүүсүн өлкөнүн башка аймактары менен салыштырган видео боюнча...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
«Сөөгүн жерге берер замат бороон башталды». Ырыс Жоомартованы достору эскерди

"Сөөгүн жерге берер замат бороон башталды". Ырыс Жоомартованы достору эскерди

14:47 23.06.2025
«Эң жогорку балл — 242». Быйыл 54 окуучу «Алтын сертификат» алат (тизме)

"Эң жогорку балл - 242". Быйыл 54 окуучу «Алтын сертификат» алат (тизме)

12:04 23.06.2025
Баткендеги жайлоодо 32 жаштагы жаран атып өлтүрүлдү. Шектүү кармалды

Баткендеги жайлоодо 32 жаштагы жаран атып өлтүрүлдү. Шектүү кармалды

10:46 23.06.2025
24-июнга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

24-июнга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

18:01 23.06.2025
Ташкенттен Тамчыга учак учуп баштады

Ташкенттен Тамчыга учак учуп баштады

17:38 23.06.2025
«Аруузатка «Золгенсма» дарысы жардам берген эмес» деген кызматкерге чара көрүлдүбү?

"Аруузатка «Золгенсма» дарысы жардам берген эмес" деген кызматкерге чара көрүлдүбү?

17:18 23.06.2025

АРХИВ

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
« Май    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коенкозова, 75.

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2025 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү