Президент Садыр Жапаров эмне себептен өлкөбүздө казинолордун иштөөсүнө уруксат берген жана алардан өлкөгө кандай пайда болот. «Кабар» агенттиги мамлекет башчыга кайрылып, бул жааттагы кызыктырган суроолорго токтолду.
Саламатсызбы, жакында эле сиздин никаб, паранжа маселеси коопсуздук үчүн маанилүү деген комментарийиңизден кийин айрымдар Кыргызстанда сиздин тушуңузда казиного уруксат берилгенин эске салышты. Айрымдар, казино адалыраак деп айтканыңызды да белгилешти. Казинолордун өлкөбүздө иштөөсү боюнча дагы деле ошол пикирдесизби?
«Мамлекет үчүн арам эч нерсе жок. Мамлекеттин кызыкчылыгы биринчи орунда турушу керек. Мен жеке өзүм үчүн жасап жаткан болсом, анда арам нерсени жасап атасың дешсе болот эле. Казиного уруксат берерибиз менен өлкөбүзгө инвесторлор агылып келди.
Ким 5 жылдыздуу мейманкана салса лицензия беребиз деген шарт койгонбуз да. Азыр ушул тапта 10го жакын беш жылдыздуу, бир 7 жылдыздуу мейманкана салынып жатат. Бул 3 миллиарддан ашуун инвестиция кирди деген сөз.
Булар бүтүп ишке берилсе он эсе пайда алып келет. Туристтер келет. Алардан да акча каражаттары калат. Кудай буюрса мейманканалардын алды эмдиги жылы ишке бериле баштайт. 7 жылдыздуу мейманкана биздин чөлкөмдө биринчи жолу салынып жатат болуш керек?
Мындан сырткары ат сарайга айланып калган илгерки профсоюздардын “Достук”, “Саякат”, мындан сырткары “Ак-кеме” мейманканалары инвесторлор тарабынан беш жылдыздуу болуп курулуп жатат. “Саякаттын” ордуна жаңы мейманкананын курулуш иштери башталды.
Ош, Жалал-Абад, Баткенге да 5 жылдыздуу мейманкаларды куруу үчүн жер сурап жүрүшөт. Кыскасын айтканда казиного лицензия берүү менен мамлекет уттурган жок. Утушта гана болду. Мен бир идея же сунуш айтсам жөндөн-жөн айтпайм. Мамлекет үчүн пайдалуу келечегин көрүп туруп жасайм»,- деди өлкө башчы.