Жекшемби, 12.04.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР КООМ

Садыр Жапаров: «Кыргызстан экономиканын өсүшү боюнча дүйнөнүн алдыңкы үч өлкөсүнө кирди»

14:14 17.12.2025
0
Садыр Жапаров: «Кыргызстан экономиканын өсүшү боюнча дүйнөнүн алдыңкы үч өлкөсүнө кирди»

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 17-декабрда Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын депутаттарынын биринчи жыйынында сөз сүйлөдү.

Жыйынга Министрлер кабинетинин мүчөлөрү да катышты. Алгач БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров шайлоонун жыйынтыгы менен тааныштырды, андан соң жаңы шайланган депутаттар ант беришти.

«Эми урматтуу депутаттар, муун алмашып, заман өзгөрүп жаткан өткөөл маалда жаңыча көз караш, жаңыча мамиле менен Кыргызстаныбызды өнүктүрөлү. Силерден суранарым, жогорудагыдай жагымсыз, мыйзамсыз, ыплас иштерди сиздер кайталабасаңыздар. Ар бириңиздерден мамлекетчил болушуңуздарды суранаар элем. Жалпы элдин, мамлекетибиздин кызыкчылыгы үчүн иштеп бериңиздер.

Урматтуу депутаттар! Мындан ары бийлик бутактары, баарыбыз “бир жеңден кол – бир жакадан баш” чыгарып иштейли. Өнүгүү жолуна түшкөн, жаңы Кыргызстанды куруу мезгилин, тарыхый мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбайлы. Эң башкысы, мүнөт сайын дүйнө өзгөрүп жаткан маалда санариптештирүүнүн аркасында алдыңкы мамлекеттер менен катарлаш жүрүү үчүн өлкөнү өнүктүрөлү деген изги тилек менен жаңы Кыргызстанды куруу жолунда бир максатты көздөйлү. Кыргызстандын өсүп-өнүгүшү үчүн толук потенциалыбыз бар. Муну элибиз көрүп-билип, ой-пикирлерин сунуштап, айтып да келе жатышат. Аларды ишке ашыруу үчүн көптөгөн ири долбоорлорду баштадык. Бул долбоорлор боюнча баарыңыздар кабардарсыздар деп ойлойм.

Мындай мүмкүнчүлүктөрдү туура, өз максатында, өз учурунда пайдаланып калалы. Кудайдын кулагы сүйүнсүн, биз ушу тапта экономиканын өсүү темпи боюнча дүйнө жүзүндө алдыңкы үч өлкөнүн катарына кирдик. Кыргызстандын ички дүң продукциясынын өсүү темпи 10% менен бара жатат. Консолидацияланган бюджет жыл соңуна чейин 1,2 триллионго чыгат деп турабыз. Эгерде мурда, 2020-жылда тышкы карызыбыз ички дүң продукцияга салыштырмалуу 54 пайызын түзсө, бүгүнкү күндө тышкы карыз ички дүң продукциянын 25 пайызын түзүп, оң натыйжалар менен баратабыз. Көрүнүп тургандай, бул жерде өлкөнүн экономикалык кызыкчылыгына коркунуч келе турган эч нерсе жок. Тышкы карыздарыбызды керек болсо бир күндө төлөп салсак болот. Бул үчүн каражаттарыбыз жетиштүү. Бирок ал карыздарды алган учурдагы келишимдер боюнча эрте төлөп салуу бизге пайдасыз болуп чыкты. Үстөк пайыздары көбөйөт, айып пул кошулат деген сыяктуу шарттары бар экен.

Ошондуктан карыздарды ар жылдын аягында канча төлөш керек болсок ошончо суммада төлөп кете беребиз», — деди өлкө башчысы.

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Эдита Ильясова

Эдита Ильясова

Окшош

Белгиленбеген жерден жолдун каршы тилкесине чыгуу — 15 миң сом. Айып пулга жеңилдик да берилбейт

Белгиленбеген жерден жолдун каршы тилкесине чыгуу — 15 миң сом. Айып пулга жеңилдик да берилбейт

Автор СЕРЕП МЕДИА
15:15 10.04.2026
1

Жолдогу бир секундалык ката, көптөгөн кайгылуу окуяларга алып келиши мүмкүн. Белгиленбеген жерден каршы тилкеге чыгуу өтө кооптуу, анткени түз келе...

№ 19 шайлоо округунан талапкер Рамис Жунусалиевдин каттоосу жокко чыгарылды

№ 19 шайлоо округунан талапкер Рамис Жунусалиевдин каттоосу жокко чыгарылды

Автор СЕРЕП МЕДИА
15:06 10.04.2026
1

Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 10-апрелде №19 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Жунусалиев Рамис Майрамбековичтин талапкерликтен баш...

Оштогу Ак-Буура дарыясынан 323 миң тоннадан ашуун таштанды чыгарылды

Оштогу Ак-Буура дарыясынан 323 миң тоннадан ашуун таштанды чыгарылды

Автор СЕРЕП МЕДИА
14:34 10.04.2026
0

Бүгүн, 10-апрелде президент Садыр Жапаров Ош шаарында болгон иш сапарынын алкагында Ак-Буура дарыясын тазалоо иштеринин жүрүшү менен таанышты. Тазалоо иштерине...

Садыр Жапаров: «Ошто 16 мектепте 3 смен, ал эми 51 мектепте 2 смен менен окушат»

Садыр Жапаров: «Ошто 16 мектепте 3 смен, ал эми 51 мектепте 2 смен менен окушат»

Автор СЕРЕП МЕДИА
14:29 10.04.2026
0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-апрелде Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондунун эсебинен 10 орто мектептин курулушун...

Ош милициясы: 10-15-апрель күндөрү Ош облусунун айрым аймактарында унаа кыймылы үчүн убактылуу чектөө киргизилет

Ош милициясы: 10-15-апрель күндөрү Ош облусунун айрым аймактарында унаа кыймылы үчүн убактылуу чектөө киргизилет

Автор СЕРЕП МЕДИА
10:57 10.04.2026
0

10-15-апрель күндөрү Ош облусунун жана Ош шаарынын аймагында Мамлекеттик күзөт объектилеринин жана Министрлер кабинетинин мүчөлөрүнүн катышуусундагы мамлекеттик маанидеги иш-чараларды өткөрүү...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Яков Чаплин Азия чемпионатынын коло медалын утту

Яков Чаплин Азия чемпионатынын коло медалын утту

21:14 12.04.2026
Президент менен жолугушуу: Кара-Суу базарынын иштеши негизги темалардын бири болду

Президент менен жолугушуу: Кара-Суу базарынын иштеши негизги темалардын бири болду

20:39 12.04.2026

АРХИВ

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
« Мар    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (220) 88-29-29
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү