Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун курууга 27-декабрда старт берилет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров билдирди.
«Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу буга чейин текчелерде чаң басып калып келген. Биз бул долбоорго киришкенибизде ага ишенбегендер болгон. Бул жол Чыгыш менен Батышты байланыштырган стратегиялык көпүрө болот. Соода, туризм жана өнөр жай үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат», — деди мамлекет башчысы.
2024-жылдын июнь айында Пекин шаарында долбоорду биргелешип илгерилетүү боюнча маанилүү макулдашууга кол коюлгандан кийин, борбор калаада “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу” ишканасы ачылган. Бул каттам Кытайдан Кыргызстанга, ошондой эле Борбор Азия жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө, анын ичинде Түркияга жана андан ары Евробиримдикке жүк жеткирүүнү камсыздай алат.











