Президент Садыр Жапаров бүгүн, 2-сентябрда Кытайга болгон иш сапарынын жүрүшүндө Пекин шаарына барды.
Тяньцзинь шаарында мамлекет башчысын расмий узатуу аземи болуп өттү, ага кытай тараптын өкүлдөрү катышты. Садыр Жапаров Кытайдын борборуна ылдам жүрүүчү поезд менен келди. Темир жол бекетинин аянтчасына килем төшөлүп, тосуп алуучулар жана Кыргыз Республикасы менен Кытайдын желектерин кармаган балдар катарга тизилишкен. Сапардын жүрүшүндө президент Садыр Жапаров 3-сентябрда Экинчи дүйнөлүк согуштагы Жеңиштин жана аякташынын 80 жылдыгына арналган Парадга катышат, ошондой эле КПК БК Саясий бюросунун Туруктуу комитетинин мүчөсү, КПК БК Катчылыгынын катчысы Цай Ци менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.
Ош облусунун Араван районунда башка аймактарга салыштырмалуу жашылча жемиштер 2-3 жума эрте бышат. Учурда капустанын басай сорту бышып, дыйкандар экспортко...
Аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу 15-апрелден 19-апрелге чейин жаан-чачын күтүлүп, абанын температурасы жогорулайт. Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу...
Президент Садыр Жапаровдун Ош облусуна болгон иш сапары жыйынтыкталды. Өлкө башчысы Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев менен биргеликте...
Кечээ, 15-апрелде Бишкек шаарынын ЖЭБнин базасында Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин жана Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Үсөналиевдин төрагалыгы алдында...
Кыргызстан – Кытай – Өзбекстан темир жолунун курулушу боюнча: учурда тоннелдерди казуу жана инфраструктураны даярдоо иштери жүрүүдө. Инфраструктура жаатында: убактылуу...