Президент Садыр Жапаров бүгүн, 2-июлда иш сапары менен Москва шаарына барды.
Мамлекет башчысынын учагы Внуково-2 эл аралык аэропортуна конду. Аэропортто Садыр Жапаровду Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Михаил Галузин жана башка расмий адамдар тосуп алышты.
Эскерте кетсек, сапардын жүрүшүндө мамлекет башчысы Орусиянын президенти Владимир Путин менен эки тараптуу жолугушуу өткөрөт.
Тараптар кыргыз-орус кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, анын ичинде соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана инвестициялык тармактардагы маселелерди талкуулашат.












