Бейшемби, 26.03.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР КООМ

Садыр Жапаров: «Мугалимдер менен врачтар шайлоого 300 миң сом таппайт” деген суу кечпеген кеп»

15:19 02.10.2025
0
Садыр Жапаров: «Мугалимдер менен врачтар шайлоого 300 миң сом таппайт” деген суу кечпеген кеп»

Өлкө башчысы Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине маек берди.

— Мурдагыдай партиялардагы алдыңкы орундарды миллиондорго саткан учурлар жок болорун айттыңыз. Бирок депутаттыкка талапкер болгусу келгендер 300 миң сом төгүшү керек деген талап жалаң акчалуулардын гана депутат болушуна жол ачат, мугалимдер, врачтар келе албай калышат деп сындагандар бар…

«Шайлоолор келип калганда эле тили буудай кууругандар мугалимдер менен врачтардын таламын талашып, эстеп калышат. Болбосо беш жыл бою ойлоп деле коюшпайт. Шайлоо келгенде эле Кудай бетин салбасын, “Мугалим эле мугалим, врачтар эле врачтар!” деп кыйкырып жатса, угуп туруп чынында эле анын сөздөрүнө ыйлап ийгиң келет.

Бирок андай “сайракандар” мугалимдер, врачтар үчүн күйбөйт. Аларга добуш гана керек. Мугалим менен врачтар жалпы өлкө боюнча 200 миңдин тегерегинде. Эмне мурдагы шайлоолордо мугалимдер менен врачтар келди беле? Бирин-экин эле болбосо. Тескерисинче, мугалимдер менен дарыгерлерге эми мүмкүнчүлүк берилди. Мурда депутаттык орун 100 миңден 1 миллион долларга чейин сатылып, партиянын лидерлеринин чөнтөгүнө түшүп жүргөн болсо, эми андай болбойт. Акаевдин мезгилинен бери талапкер болом дегендер 100 миң сомдон төгүшчү.

Андан бери канча заман өттү. Азыр эми депутаттар 300 миң сомго көтөрүп коюшуптур. Бул 300 миң сом кайтарымсыз экен. Мурда 100 миң сом 5 пайыздан өйдө добуш алгандарга кайтарылып берилчү. Эми бул акча кайтарылып берилбейт жана кимдир бирөөнүн чөнтөгүнө түшпөйт. Шайлоону уюштурууга жумшалат. Мурда шайлоону уюштуруу үчүн кеткен чыгым элдин чөнтөгүнөн чыкчу. Тагыраагы республикалык казынадан берилчү.

Эми мындан ары шайлоолор талапкерлердин эсебинен өтөт. Мен муну колдойм. Себеби бюджеттен чыгым болбойт. Элдин ар бир тыйынын үнөмдөп, сарамжалдуу колдонушубуз керек. Шайлоолорго кетип жаткан акчаларга жылына 10 мектептен салып жүрүп олтурсак, 30 жылда канча мектеп салсак болмок. Ал эми “мугалимдер менен врачтар 300 миң сом таппайт” деген суу кечпеген кеп. Эгер ошол чөлкөмдө кадыр-барктуу мугалим же врач болсо эл өзү эле көтөрүп алат. Жакын туугандары, кошуна-колоңдору, жолдош-жоролору эле чогултуп төлөп коёт.

Мындай күрөө коюу практикасы дүйнө жүзүндө бар. Эмне үчүн дегенде, күрөө болбосо бир округга миңдеген талапкерлер “мен деле коё берейинчи” деп, жөн эле коюп алышат. Муну да 2011-жылы президенттик шайлоодо көргөнбүз. 90го жакын талапкер коюп алышкан. Жыйынтыгында 16 эле талапкер катышкан», — деди ал.

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Эдита Ильясова

Эдита Ильясова

Окшош

Соцтармактагы пикири үчүн соттолгон Эрнис Жээнтаев пробация менен бошотулду

Соцтармактагы пикири үчүн соттолгон Эрнис Жээнтаев пробация менен бошотулду

Автор СЕРЕП МЕДИА
16:34 26.03.2026
0

Жарандык активист, дизайнер Эрнис Жээнтаев Бишкек шаардык сотунун өкүмүнө ылайык 4 жылдык пробация менен сот залынан бошотулду. Бул тууралуу жарандык...

Минкаб төрагасынын орун басары Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол долбоорун ишке ашыруу боюнча жолугушуу өткөрдү

Минкаб төрагасынын орун басары Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол долбоорун ишке ашыруу боюнча жолугушуу өткөрдү

Автор СЕРЕП МЕДИА
15:23 26.03.2026
0

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир...

Кыргыз Эл артисти Абдыкалык Акматов акыркы сапарга узатылды

Кыргыз Эл артисти Абдыкалык Акматов акыркы сапарга узатылды

Автор СЕРЕП МЕДИА
13:57 26.03.2026
0

Бүгүн, 26-мартта Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын эл артисти, көрүнүктүү театр жана кино актёру Абдыкалык Акматовду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү....

Өмүрбек Текебаевдин билдирүүсүнө президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов жооп жазды

Өмүрбек Текебаевдин билдирүүсүнө президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов жооп жазды

Автор СЕРЕП МЕДИА
11:20 26.03.2026
0

Кечээ, 25-мартта Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев соцтармактагы баракчасына билдирүү жарыялаган. Элчинин постунун комментарий бөлүгүнө президенттин басма сөз катчысы Аскат...

Ат-Башы районундагы мал базар 19-апрелде ачылышы пландалууда

Ат-Башы районундагы мал базар 19-апрелде ачылышы пландалууда

Автор СЕРЕП МЕДИА
09:24 26.03.2026
0

25-мартта Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Ат-Башы районундагы мал базар жана соода борбору...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Өмүрбек Текебаевдин билдирүүсүнө президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов жооп жазды

Өмүрбек Текебаевдин билдирүүсүнө президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов жооп жазды

11:20 26.03.2026
Кыргыз Республикасынын эл артисти Абдыкалык Акматов 71 жашында оорудан улам дүйнөдөн кайтты. Некролог

Кыргыз Республикасынын эл артисти Абдыкалык Акматов 71 жашында оорудан улам дүйнөдөн кайтты. Некролог

17:00 25.03.2026
Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу жана “Жалал-Абад” аэропортунун курулуш иштери жүрүп жатабы? Облус башчысы кабар алды

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу жана “Жалал-Абад” аэропортунун курулуш иштери жүрүп жатабы? Облус башчысы кабар алды

09:08 26.03.2026
Соцтармактагы пикири үчүн соттолгон Эрнис Жээнтаев пробация менен бошотулду

Соцтармактагы пикири үчүн соттолгон Эрнис Жээнтаев пробация менен бошотулду

16:34 26.03.2026
Минкаб төрагасынын орун басары Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол долбоорун ишке ашыруу боюнча жолугушуу өткөрдү

Минкаб төрагасынын орун басары Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол долбоорун ишке ашыруу боюнча жолугушуу өткөрдү

15:23 26.03.2026
Бишкекте алыш бел боо күрөшү боюнча эл аралык Гран-при турнири башталды

Бишкекте алыш бел боо күрөшү боюнча эл аралык Гран-при турнири башталды

14:56 26.03.2026

АРХИВ

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
« Фев    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (220) 88-29-29
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү