Президент Садыр Жапаров бүгүн, 8-сентябрда Нарын облусуна жумушчу сапарынын алкагында Нарын шаарын өнүктүрүүгө жана шаардыктардын жашоо сапатын жакшыртууга багытталган бир катар социалдык жана инфраструктуралык долбоорлордун курулушунун жүрүшү менен таанышты.
Мамлекет башчысы Мамлекеттик ипотекалык компаниянын линиясы боюнча Нарында салынып жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн курулушун көрүп чыкты. Долбоордо 216 батирден турган 9 кабаттуу төрт блоктун курулушу каралган, ошондой эле карамагындагы аймакта унаа токтотуучу жай, балдар аянтчасы жана спорттук воркаут-зона жабдылат.
Садыр Жапаров региондун жашоочулары үчүн батирлердин санын көбөйтүүнү тапшырды. Андан соң, президент инновациялык-креативдик борбордун, ошондой эле бир катар маданий жана социалдык инфраструктура объектилеринин курулушунун жүрүшү менен таанышты.
Президенттин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев мамлекет башчысына борбор китепкана, музей, инновациялык теле- жана аудиостудияларды, киноконцерттик залды, коворкинг жана IT-зоналарды, ошондой эле соода аянтын бириктире турганы жөнүндө айтып берди.











