Президент Садыр Жапаров оору азая баштаганын айтып, коронавируска каршы эмдөөдөн өтүүгө чакырды. Ал бул тууралуу соцтармактагы баракчасына жазып чыкты.
«Бүгүн 46 адамда COVID-19 аныкталды, үчөө каза болду. Баары эмдөөдөн өтпөгөндөр экен. Вакцина алыңыздар. Бүгүнкү күндө 1 миллион 16 миң жараныбыз эмдөөдөн өтүштү. Эмдөөнүн аркасында оору азая баштады», — деп жазды ал.