Президент Садыр Жапаров 8-9-майда Орусиянын президенти Владимир Путиндин чакыруусу менен Орусияга иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүм башчысы Сагынбек Абдумуталип билдирди.
«Алдыдагы иш сапарынын алкагында мамлекет башчысы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чараларга катышат.
Президент Садыр Жапаров чет өлкөлүк мамлекет жана өкмөт башчылары, ошондой эле Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери менен бирге Москвадагы Кызыл аянтта өтүүчү мааракелик Жеңиш парадына катышат.
Белгилей кетсек, алдыдагы салтанаттуу парадга Куралдуу Күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын параддык бөлүгү да катышат», — деп белгиледи Сагынбек Абдумуталип.