Шаршемби, 24.12.2025
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР КООМ

Садыр Жапаров радио жана телекөрсөтүү кызматкерлерин куттуктады

13:19 08.12.2024
0
Садыр Жапаров радио жана телекөрсөтүү кызматкерлерин куттуктады

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 8-декабрда радиоуктуруу жана телекөрсөтүү кызматкерлеринин кесиптик майрамы — Кыргыз Республикасынын радио жана телевидение кызматкерлеринин күнү менен куттуктады.

Мамлекет башчысынын куттуктоосу:

“Урматтуу телекөрсөтүү жана радиоуктуруу кызматкерлери! Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктаймын!

Бүгүнкү күндө кыргыз журналистикасы санарип доордун чакырыктарына ылайыкташып, ырааттуу өнүгүү жолунда баратат. Коомдук пикирди калыптандырууда, актуалдуу маселелерди чагылдырууда, ошондой эле демократиялык баалуулуктар менен принциптерди алдыга жылдырууда салттуу басмасөз, радио уктуруу жана телекөрсөтүү менен катар интернет басылмалары менен социалдык медиа тармагы да негизги ролду ойноодо.

Интернет маалымат каражаттарынын эң чоң айдыңына айланып жаткан маалында теле менен радио тармагы заманбап технологиянын жаңы жетишкендиктерин өздөштүрүү менен сапатын жогорулатууга, ыкчамдыгын арттырууга ар тараптан күч жумшап жаткандыгына күбө болуудабыз. Бүгүнкү күндө коомду агартуу жолу менен таасирдүү күчкө айланган теле-радио компанияларыбыздын чоң аудиториялары бар. Мына ошол аудиторияларды кармап калуу үчүн эл аралык тажрыйбаларды иликтөө менен теле-радиодо жасалган контентти өнүктүрүп, учур талабына тууралап, жаңы форматка ылайыктап чыгарууга өтөт деп ишенем.

Маалымат булагы катары теле менен радионун чоң артыкчылыгы – өлкөбүздүн кайсы жеринде болбосун, болуп жаткан окуяларды жаздырып алып, элге жеткирүүдө болуп саналат. Демек, теле-радио кызматкерлери, сиздер коомчулукка өз убагында так маалымат жеткирүү аркылуу өлкөдө туруктуулукту жана адилеттүүлүктү сактоодо маанилүү роль ойнойсуздар.

Сиздер жөн гана маалымат таратууда эмес, коомду туура жолго багыттоодо, улуттук баалуулуктарды жайылтууда жана акыйкаттыкты камсыз кылууда эмгегиңиздер эбегейсиз. Мына ошондон улам, теле-радио кызматкерлеринин мамлекеттин өнүгүшүнө кошкон салымы зор деп баса белгилөөгө болот. Өз кесибин сүйгөн, кесипкөйлүккө умтулган бардык радиоуктуруу жана телекөрсөтүү кызматкерлерине өлкөбүздүн өнүгүшү үчүн кылган аракеттерине чоң ыраазычылык билдирем.

Элдин ишеними менен мамлекеттин алдындагы жоопкерчилик маселесин бирдей алып бара жаткан теле жана радио кызматкерлерин дагы бир жолу кесиптик майрамы менен куттуктаймын!

Сиздердин эң чоң сыймыгыңыздар – телекөрүүчүлөр менен радио угармандардын алкышына арзуу деп эсептейм. Ошондуктан, сиздерге ар дайым элибиздин сый-урматында болушуңарды каалайм!”.

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Эдита Ильясова

Эдита Ильясова

Окшош

24-декабрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

24-декабрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

Автор Эдита Ильясова
17:48 23.12.2025
0

Эртең, 24-декабрда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы: Чүй облусутүнкүсүн...

Депутат «Министрлер кабинети» деп айта албай койду (видео)

Депутат «Министрлер кабинети» деп айта албай койду (видео)

Автор Эдита Ильясова
16:43 23.12.2025
0

Бүгүн, 23-декабрдагы Жогорку Кеңештин комитеттеринин биргелешкен отурумунда депутат Медер Чотонов "Министрлер кабинети" деген сөздү айта албай койду. Ал Таластан шайланып...

Мас абалында унаа айдап кармалган мурдагы министр айдоочулук күбөлүгүнөн ажырады

Мас абалында унаа айдап кармалган мурдагы министр айдоочулук күбөлүгүнөн ажырады

Автор Эдита Ильясова
15:53 23.12.2025
0

Аламүдүн райондук соту мурдагы Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Бактияр Орозовго карата чечим чыгарды. Бул тууралуу Чүй облустук...

Бишкектин Киев жана Токтогул көчөлөрүндө бир тараптуу жол кыймылы киргизилет

Бишкектин Киев жана Токтогул көчөлөрүндө бир тараптуу жол кыймылы киргизилет

Автор СЕРЕП МЕДИА
14:57 23.12.2025
0

Бишкек шаарынын мэриясы Чүй проспектисинин ачылышына байланыштуу жакынкы күндөрү Киев жана Токтогул көчөлөрүнүн Ибраимов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейинки бөлүгүндө бир...

Касымалиев: «Кыргызстан ИДПнын реалдуу өсүшү боюнча дүйнөдөгү алдыңкы үч өлкөнүн катарына кирди»

Касымалиев: «Кыргызстан ИДПнын реалдуу өсүшү боюнча дүйнөдөгү алдыңкы үч өлкөнүн катарына кирди»

Автор СЕРЕП МЕДИА
14:40 23.12.2025
0

2024-жылдын акырына карата Кыргыз Республикасынын экономикасы туруктуу жана тездетилген өсүштү көрсөттү. ИДПнын реалдуу өсүшү 11,5% түзүп, баштапкы болжолдонгон 9%ды түздү....

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Социалдык фонд: «2026-жылы пенсияны көтөргөнгө аракет кылабыз»

Социалдык фонд: "2026-жылы пенсияны көтөргөнгө аракет кылабыз"

12:13 23.12.2025
Депутат «Министрлер кабинети» деп айта албай койду (видео)

Депутат "Министрлер кабинети" деп айта албай койду (видео)

16:43 23.12.2025
Бишкекте мурдагы аялын өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды

Бишкекте мурдагы аялын өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды

00:48 24.12.2025
Бишкекте мурдагы аялын өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды

Бишкекте мурдагы аялын өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды

00:48 24.12.2025
24-декабрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

24-декабрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

17:48 23.12.2025
Депутат «Министрлер кабинети» деп айта албай койду (видео)

Депутат "Министрлер кабинети" деп айта албай койду (видео)

16:43 23.12.2025

АРХИВ

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
« Ноя    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2025 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү