«Бүгүн — Кыргызстан үчүн тарыхый күн! Өлкөбүздүн тарыхында алгачкы жолу улуттук валютабыз – сомду өзүбүз басып чыгара баштадык», — деп жазды президент СадырЖапаров.
«Буга чейин чет өлкөлөргө буйрутма берип, акча төлөп бастырып келген элек. Эми тескерисинче, башка мамлекеттердин акчаларын дагы буйрутма менен биз басып берүү деңгээлине чыктык. Акча чыгарууда талап кылынган шарттарды тастыктаган эл аралык тийиштүү сертификатыбыз да бар.
Мындан тышкары, улуттук документтерибиз: жалпы жарандык паспорт, ID-карт паспортторду, айдоочулук күбөлүк, унаанын техпаспортун ж.б документтерди жогорку сапатта чыгарып жатабыз. Башка өлкөлөр үчүн валюта менен катар эле ар кандай мамлекеттик документтерди да басып берүүгө даярбыз. Бүгүнкү күндө бир нече мамлекеттердин буйрутмасын алып жатабыз. Колубузда сертификатыбыз тургандыктан, албетте, коргоо элементтери да жогорку деңгээлде болот. Башкача айтканда, документти жасалмалоого мүмкүн эмес. Ал эми баасы болсо жеткиликтүү болот», — деп жазылат мамлекет башчысынын билдирүүсүндө.
"Биздин үй-бүлөгө карата жалган жалаа жабуу, каралоо аракеттери улантылып жаткандыгына байланыштуу кайрадан түшүндүрмө берүүгө туура келип турат". Мындай билдирүүнү УКМКнын...
Бишкек шаарындагы Ауэзов көчөсүндө шаар мэри Айбек Жунушалиевдин катышуусунда жашыл көчөттөрдү отургузуу иш-чарасы өттү. Мэр чынар дарагынын көчөттөрүн отургузуп, жаш...
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинде жана анын түзүмдүк, ведомстволук бөлүмдөрүндө 2024-жылга бюджеттин аткарылышына жүргүзүлгөн шайкештик аудитинин жыйынтыгында финансылык тартипти...
Эсептөө палатасы тарабынан Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинде, ошондой эле анын түзүмдүк жана ведомстволук бөлүнүштөрүндө 2024-жылдын 1-январынан 31-декабрына...