Бейшемби, 26.03.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР КООМ

Садыр Жапаров Тажикстандын премьер-министри менен сүйлөшүү жүргүздү

16:29 09.07.2025
0
Садыр Жапаров Тажикстандын премьер-министри менен сүйлөшүү жүргүздү

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 9-июлда Тажикстан Республикасына болгон мамлекеттик сапарынын алкагында Душанбе шаарында Тажикстан Республикасынын премьер-министри Кохир Расулзода менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Тараптар кыргыз-тажик өз ара аракеттенүүсүнүн актуалдуу маселелеринин кеңири чөйрөсүн талкуулашты.

Премьер-министр Кохир Расулзода бүгүнкү сапар эки мамлекеттин ортосундагы мамилелердин оң динамикасын чагылдырарын баса белгиледи. Ал эки өлкөнүн лидерлеринин саясий эркинин аркасында кыргыз-тажик өз ара аракеттенүүсү жаңы деңгээлге чыкканын ырастады.

Тажикстандын премьер-министри өз ара түшүнүшүүнүн бекемделиши жана практикалык кызматташтыктын кеңейиши менен тараптар мамилелерди ырааттуу өнүктүрүүгө эки жактуу кызыкдарлык көрсөтүп жатканын белгиледи.

Кохир Расулзода Садыр Жапаровдун сапары кызматташтыкты, биринчи кезекте экономикалык чөйрөдө, ошондой эле инфраструктура, өнөр жай, айыл чарба жана башка багыттарда кеңейтүүгө олуттуу түрткү берерине ишеним билдирди.

Өз кезегинде президент Садыр Жапаров бул жыл кыргыз-тажик мамилелериндеги маанилүү учур экенин белгиледи. Кылдат чечилген маселелер, келишимдерди кагаз бетине түшүрүү, жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги өз ара сапарлар – мунун баары мамлекет башчыларынын бекем саясий эркинин жана өкмөттөрдүн тынымсыз эмгегинин натыйжасы экени талашсыз.

Мамлекет башчысы сапардын жүрүшүндө кол коюлган документтер, ошондой эле өкмөттөрүбүздүн жүргүзүп жаткан иштери эки өлкөнүн жана элдин түбөлүк достугунун бекем пайдубалын түптөй турганын канааттануу менен белгиледи.

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Эдита Ильясова

Эдита Ильясова

Окшош

Кыргыз Республикасынын эл артисти Абдыкалык Акматов 71 жашында оорудан улам дүйнөдөн кайтты. Некролог

Кыргыз Республикасынын эл артисти Абдыкалык Акматов 71 жашында оорудан улам дүйнөдөн кайтты. Некролог

Автор СЕРЕП МЕДИА
08:39 26.03.2026
0

Кыргыз маданияты оор жоготууга учурады. Кечээ, 25-мартта 71 жаш курагында Кыргыз Республикасынын эл артисти, белгилүү театр жана кино актеру Абдыкалык Акматов...

Текебаев: «Эл «булар дагы эмнени баштаганы жатышат?» деп ойлобойбу?» деп күмөн санадым»

Текебаев: «Эл «булар дагы эмнени баштаганы жатышат?» деп ойлобойбу?» деп күмөн санадым»

Автор СЕРЕП МЕДИА
08:58 25.03.2026
0

"Айт арапасында Камчыбек Ташиев Кыргызстанга келген күнү элчиликте «Сыймык келе жатат, эртең Варшавага өтуп кетет экен» деп жарыялап калышты. «Сыймык келсе,...

1-апрелден тартып Бишкектин Кожевенная көчөсүнүн бир бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылат

1-апрелден тартып Бишкектин Кожевенная көчөсүнүн бир бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылат

Автор СЕРЕП МЕДИА
18:10 24.03.2026
1

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин тапшырмасы менен мэрдин орун басары Рамиз Алиевдин төрагалыгында «Дордой» базарынын аймагындагы Кожевенная көчөсүн капиталдык оңдоо...

Ошто мурдагы көрүстөндүн ордуна 1300 көчөт отургузулду

Ошто мурдагы көрүстөндүн ордуна 1300 көчөт отургузулду

Автор СЕРЕП МЕДИА
17:28 24.03.2026
0

Бүгүн, 24-мартта Ош шаарындагы Э.Алиев көчөсүндө жайгашкан, мурда рекультивацияланган Хохлова көрүстөнүнүн аймагында кеңири масштабдагы жашылдандыруу иш-чарасы өткөрүлдү. Долбоордун негизги максаты...

Арашан-Чуңкурчак жолуна асфальт төшөлөт

Арашан-Чуңкурчак жолуна асфальт төшөлөт

Автор СЕРЕП МЕДИА
15:05 24.03.2026
1

Ушул жылдын апрель айында Арашан – Чуңкурчак унаа жолу оңдолуп, асфальтталат. Бүгүнкү күндө жолдун 0-22-чакырым аралыгында кеңейтүү жана жолдун негизин...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Текебаев: «Эл «булар дагы эмнени баштаганы жатышат?» деп ойлобойбу?» деп күмөн санадым»

Текебаев: "Эл "булар дагы эмнени баштаганы жатышат?" деп ойлобойбу?" деп күмөн санадым"

08:58 25.03.2026
200 чакырым/сааттан ашык ылдамдык! Автоунаа айып короо жайына киргизилди

200 чакырым/сааттан ашык ылдамдык! Автоунаа айып короо жайына киргизилди

09:25 25.03.2026
Минкаб төрагасы Казакстанга жумуш сапары менен барат

Минкаб төрагасы Казакстанга жумуш сапары менен барат

09:37 25.03.2026
Кыргыз Республикасынын эл артисти Абдыкалык Акматов 71 жашында оорудан улам дүйнөдөн кайтты. Некролог

Кыргыз Республикасынын эл артисти Абдыкалык Акматов 71 жашында оорудан улам дүйнөдөн кайтты. Некролог

08:39 26.03.2026
Минкаб төрагасы Казакстанга жумуш сапары менен барат

Минкаб төрагасы Казакстанга жумуш сапары менен барат

09:37 25.03.2026
200 чакырым/сааттан ашык ылдамдык! Автоунаа айып короо жайына киргизилди

200 чакырым/сааттан ашык ылдамдык! Автоунаа айып короо жайына киргизилди

09:25 25.03.2026

АРХИВ

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
« Фев    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү