Садыр Жапаров туулган күнүн кантип өткөрөрү маалым болду

Бүгүн президент Садыр Жапаровдун туулган күнү. Ал бүгүн 53 жашка толду. Коомчулук президенттин туулган күнүн катип өткөрөрүнө кызыгып башташты. Президенттин басма сөз катчысы маалымат таратып, туулган күнү тар чөйрөдө белгиленерин айтты.

«Мамлекет башчысынын бул күнү башка иш күндөрүнөн айырмаланбайт. Садыр Жапаров бул күндү иш ордунда өткөрөт. Пландаштырылган кеңешме жана жолугушуулар кадимки тартипте өтөт. Кечинде туулган күнүн үй-бүлөсү менен бирге тар чөйрөдө белгилейт», — деди басма сөз катчы.