Президент Садыр Жапаров кечээ, 6-ноябрда, Вашингтон шаарында «Борбордук Азия — АКШ» (С5+1) саммитине катышты.
Мамлекет башчысы кыргыз-америка мамилелерине карата, төрт багытты белгилей кетти:
— экономика жана инвестициялар, туризм;
— гидроэнергетика;
— санарип экономика, жасалма интеллект, IT-чөйрөсү;
— коопсуздукту жана туруктуулукту камсыздоо.
Мамлекет башчысы жана C5+1 форматы саясий диалогду өнүктүрүүгө максатталган маанилүү аянтчага айлангандыгын өзгөчө белгиледи. Ошондой эле биргелешкен аракеттерибиз конкреттүү жыйынтыктарга, өлкөлөрүбүзгө өз ара пайда алып келерине ишеним билдирди.
Ал эми Дональд Трамп экономикалык коопсуздукту чыңдоону жана жеткирүү чынжырын кеңейтүүнү Борбордук Азия өлкөлөрүнүн Америка Кошмо Штаттары менен өз ара аракеттенүүсүнүн негизги пункттарынын бири катары белгиледи.







