Ишемби, 25.04.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР КООМ

Садыр Жапаров: “Визасыз бир дагы кытай Кыргызстанга кире албайт”

16:28 18.11.2025
0
Садыр Жапаров: “Визасыз бир дагы кытай Кыргызстанга кире албайт”

Өлкө башчы Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине маек берип, кытайлык жумушчуларга байланышкан талкууларга жооп берди.

— Учурда социалдык тармактарда кыргыз-кытай алакасы боюнча талкуулар күчөдү. Өлкөбүздө ар кыл тармакта иштеп жаткан чет өлкөлүктөргө болгон көзөмөл жетиштүү элеби?

 — Биринчиден, ачык айтышыбыз керек, бул провокация болуп жатат. Шайлоого жакын бир нерсе уюштуралы деген чагымчыл топтор бар. Алардын баарын билебиз. Азырынча сыртынан көз салып гана турабыз. Эгер катуу кетип бара жатышса, камалышат. Анан “Бизди жөн эле камап салышты” деп кыйкырып чыгышат. Башка шылтоолору жок, болгону электр энергиясы менен кытайлар. Электр энергия боюнча кенен маалымат берсем тынчып калышты эле.

Эми экинчи көйгөй катары кытайларды көтөрүп чыгып жатышат. Турмушта баары болот. Бишкектин көчөлөрүндө деле эки кыргыз жол талаша кетип, күндө мушташ болуп жатпайбы, соцтүйүндөрдөн көрүп эле жатабыз го баарын. Турмуш-тиричиликтеги мындай талаш-тартышты эки өлкөнүн проблемасы катары жогорку деңгээлге чейин көтөрүштүн кереги жок. Экинчиден, албетте, чет өлкөлүктөрдү жетиштүү түрдө эле эмес, ашыкча да көзөмөлдөөгө күч жетиштүү. Мыйзам бузган же визасынын мөөнөтү өтүп кеткен чет өлкөлүктөрдү керек болсо бир күндө тазалап салсак болот. Бирок, азыр мамлекеттин алдында андай муктаждык жок.

Кечээги окуядан кийин Кытайдан чоң-чоң долбоорлор боюнча келип, иштеп жаткан чет өлкөлүктөргө: “Жергиликтүү калк менен ынтымакта болгула, долбоорлор бүткөнчө бири-бириңерге сый-урмат менен мамиле кылгыла” деп катуу эскертүү бердик. Долбоорлор бүткөндөн кийин алар Кыргызстанда бир күн да калбайт. Жумушчу визалары бүтөт. Бизде Кытай менен виза режими бар. Визасыз бир дагы кытай Кыргызстанга кире албайт. Ошондуктан жергиликтүү калк да кылдат мамиле жасашы керек. Башталып калган бардык кылым долбоорлорубуз бүтүп кетсин. Ансыз деле бул жолдун салынбай калышына кызыкдар күчтөр көп. Көптөгөн каршылыктар болуп, бул жолду “тирүүнүн тозогу” менен араң баштадык. Бул жол башка бирөөлөргө эмес, келечекте бизге, Кыргызстанга керек. Керек болгондо да, аба менен суудай керек.

— Буга чейин бир катар чиновниктер өлкөдө кытайлык жарандардын көп болушун ири Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун курулушунун башталганы менен түшүндүрүштү. Бул жолду деле, башкасын деле өзүбүз эле салсак болмок дегендер бар. Негизи эле сырттан жумушчу күч чакырбай долбоорлорду ишке ашыра алабызбы?

— Кыргызда “Жылкыңа ченеп ышкыр, алыңа карап бышкыр” деген жакшы сөз бар. Темир жолду биякка коелу, биздин компаниялар Нарын шаарынын ички жолдорун тыңгылыктуу асфальттай албай койду. Анан биздин компаниялар үчүн тоо тешип, темир жол салабыз дегени күлкүлүү болот. 4 жыл мурда Ысык-Көлдүн түштүк жагындагы Балыкчы — Барскоон жолун кыргыз компанияларына бергем. Эмдигиче бүтүрө албай жүрүшөт. Бир жолу текшерип барсам, жумушчулар аз. Жумуш жай жүрүп жатыптыр. Эмнеге десем, “Эмгек акы алышкандан кийин ушундай үч-төрт күн жок болуп кетишет” дейт. Мындай кемчилигибизди моюнга алышыбыз керек. Ал эми Ысык-Көлдүн түндүк жагында Корумду — Балбай жолунун курулушун былтыр эле “Чайна-Роуд” компаниясы утуп алып, иш баштады эле. Бир сезондо асфальт басып, бүтүрүп коюшту. 

Эгер Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолун өзүбүз курабыз десек, анда 30 жылда да бүтпөйбүз. Ооба, биз өзүбүз Балыкчы — Кочкор — Кара-Кече темир жолун салып жатабыз. Бирок, бул жол түз жерге салынып жатат. Биздин адистер азырынча бул жолду салууда тажрыйба топтоп, үйрөнүп жатышат. Мындан сырткары, Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунда да биздин адистер аралашып иштеп жүрүшөт. “Үйрөнгүлө” деп атайын аралаштырдык, үйрөнүп, тажрыйба топтоп жатышат. Кийин өзүбүздүн адистер пайда болгондо анан “өзүбүз курабыз” деп кыйкырып чыксак жарашат. Азырынча эрте. Анын үстүнө бизде технология да жетишсиз. Тоо теше турган, тоолордун арасына көпүрөлөрдү сала турган жана башка заманбап техникаларыбыз жокко эсе.

 

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Гүлмайрам Сабирбекова

Гүлмайрам Сабирбекова

Окшош

Ысык-Көлдүн акваториясына кум жана топурак төгүлүүсү: Министрлик курулуш компанияларына текшерүү иштерин баштады

Ысык-Көлдүн акваториясына кум жана топурак төгүлүүсү: Министрлик курулуш компанияларына текшерүү иштерин баштады

Автор СЕРЕП МЕДИА
11:30 25.04.2026
0

Тамчы айылында жайгашкан «Елизавета», «Урпак Резорт» жана «Авангард Стиль» курулуш компаниялары тарабынан Ысык-Көл көлүнүн акваториясына кум жана топурак төгүлүп жаткандыгы...

Медербек Алиев Жаштар парламентинин 15 жылдыгына арналган иш-чарага катышты

Медербек Алиев Жаштар парламентинин 15 жылдыгына арналган иш-чарага катышты

Автор СЕРЕП МЕДИА
17:18 24.04.2026
0

Жогорку Кеңештин төрагасынын биринчи орун басары Медербек Алиев Жаштар парламентинин 15 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Иш-чарада сөз сүйлөгөн Медербек...

Айыл чарба министринин орун басары: «Өлкөдөгү эпизоотиялык кырдаал туруктуу сакталууда»

Айыл чарба министринин орун басары: «Өлкөдөгү эпизоотиялык кырдаал туруктуу сакталууда»

Автор СЕРЕП МЕДИА
16:04 24.04.2026
0

«Эл үмүтү – Ата-Журт» депутаттык тобу Кыргыз Республикасындагы ветеринардык кызмат көрсөтүүнүн абалы тууралуу маалымат укту. Жыйынга тиешелүү министрликтердин жана башка...

«Ишеним» депутаттык тобу Эмгек министрлигинин ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат алды

«Ишеним» депутаттык тобу Эмгек министрлигинин ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат алды

Автор СЕРЕП МЕДИА
15:06 24.04.2026
0

Жыйында баяндама жасаган Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Мирланбек Байгончоков министрлик тарабынан аткарылган калктын жашоо деңгээлин жакшыртууга,...

Сузактагы мугалимдин окуучуга кол көтөрүшү. Министрликтен мугалимдин кызматтан бошотулганын билдиришти

Алайдагы окуучулардын ата-энелери менен мугалимдердин ортосундагы түшүнбөстүк боюнча министрлик үн катты

Автор СЕРЕП МЕДИА
14:59 24.04.2026
0

Агартуу министрлиги социалдык тармактарда тараган окуучулардын ата-энелери менен мугалимдердин ортосундагы түшүнбөстүктөр боюнча төмөнкүлөрдү маалымдайт. Ош облусунун Алай райондук билим берүү...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Садыр Жапаров Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Садыр Жапаров Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

12:20 24.04.2026
Сузактагы мугалимдин окуучуга кол көтөрүшү. Министрликтен мугалимдин кызматтан бошотулганын билдиришти

Алайдагы окуучулардын ата-энелери менен мугалимдердин ортосундагы түшүнбөстүк боюнча министрлик үн катты

14:59 24.04.2026
«Ишеним» депутаттык тобу Эмгек министрлигинин ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат алды

«Ишеним» депутаттык тобу Эмгек министрлигинин ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат алды

15:06 24.04.2026
Ысык-Көлдүн акваториясына кум жана топурак төгүлүүсү: Министрлик курулуш компанияларына текшерүү иштерин баштады

Ысык-Көлдүн акваториясына кум жана топурак төгүлүүсү: Министрлик курулуш компанияларына текшерүү иштерин баштады

11:30 25.04.2026
Ак-Босогодо 7 жаштагы кызды зордуктоого аракет жасаган шектүү кармалып, камакка алынды

Ак-Босогодо 7 жаштагы кызды зордуктоого аракет жасаган шектүү кармалып, камакка алынды

11:24 25.04.2026
Бишкекте өспүрүмдү сабоого шектелип эки өспүрүм кармалды

Бишкекте өспүрүмдү сабоого шектелип эки өспүрүм кармалды

11:20 25.04.2026

АРХИВ

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
« Мар    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (220) 88-29-29
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү