Бүгүн, 8-июлда президент Садыр Жапаров мамлекеттик сапары менен Душанбе шаарына барды.
Аны аэропорттон Эмомали Рахмон тосуп алды. Аба майданына эки өлкөнүн мамлекеттик желектери илинип, килем төшөлүп, ардак кароол тизилген.
Өлкө лидерлерине 500дөн ашуун артист катышкан концерттик программа көрсөтүлдү.








