Орусиянын чет элдиктерди убактылуу кармоочу «Сахарово» миграциялык борборунда 93 кыргызстандык жаран кармалып турат, алардын алтоо аялдар. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалыматтарында айтылды.
5-декабрда Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери менен Сахарово борборуна барышты. Анда аталган мекеменин жетекчилиги менен жолугушуу өткөрүлдү. Бул борборго жайгаштырылган Кыргызстандын жарандарынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын камсыз кылуу, алардын өз мекенине өз убагында чыгып кетүү маселелери талкууланды.
Ошондой эле, кызматкерлер аталган мекемеде Кыргызстанга чыгарууну күтүп жаткан мекендештер менен жолугушуп, юридикалык кеп-кеңештер берилген. Ошол эле учурда жарандардан кармоо шарттары жана укуктарынын бузулушу боюнча даттануулар түшкөн эместиги айтылды.
Орусиянын чет элдиктерди убактылуу кармоочу «Сахарово» миграциялык борборунда 93 Кыргыз жараны бар экени, анын алтоо аялдар экени маалымдалды.