Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, Сакиш каймана аты менен таанымал актриса Айнура Тургунбаева курбусу белгилүү актриса, режиссёр Ырыс Жоомартованы эскерди.
«Курбум… Жаман кабар укканда, башымдан ылдый муздак суу куйгандай болду. Жүрөгүм ооруп, сени эстеп отурам. Жаркылдак жан элең… Шум ажал деген ушул экен. Уккан кулагыма ишене алган жокмун. Аллахым бейишинен орун берсин. Бүгүн барбыз, эртең жокпуз», — деп жазды ал.
Белгилүү актриса, режиссёр Ырыс Жоомартова 60 жаш курагында дүйнө салды. Маалыматка ылайык, актриса акыркы күндөрү ооруп жүргөн.
SEREP MEDIA маалымат агенттигинин эмгек жамааты актрисанын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза-кайгысын тең бөлүшөт.