Маалыматтарга ылайык, Бейшеналиев кызматтан кетүү боюнча арызды өзү жазган. “Кызматымды тапшырдым. Президент менен биргеликте чыгарган чечим. Мен хирургмун жана ишимди уланта алам. Системадагы реформалар да уланат», — деген ал.
Алымкадыр Бейшеналиев Саламаттык сактоо министрлигин жетектөөгө 2020-жылдагы Октябрь окуясынан кийин келип, 2022-жылдын июнь айында кармалып, август айында кызматтан бошотулган. Экинчи жолу министр кызматына 2023-жылы сентябрда дайындалган.