Саламаттыкты сактоо министринин мурдагы орун басары Жаркынбек Касымбеков Улуттук саламаттыкты сактоо институтунун директору болуп жаңы кызматка дайындалды.
Жаркынбек Касымбековду кесиптештерине кечээ тааныштырышкан.
Ал 2022-жылдын 4-июнунда министрдин орун басары болуп дайындалган. Ошондой эле 4-июндан 23-августка чейин Саламаттыкты сактоо министринин милдетин убактылуу аткарган. Ал орун басарлык кызматтан өткөн жылдын декабрь айында бошотулган.