Кыргызстандын Салык кодексине олуттуу өзгөртүүлөр киргизилди. Ага ылайык, айрымдар декларация тапшырбай койсо болот.
Алар:
— Мугалимдер, дарыгерлер, окумуштуулар;
— Чыгармачыл инсандар, жеке жана мамлекеттик үлүшү бар ишканалардын кызматкерлери;
— Пенсионерлер, студенттер жана башка категориядагы жарандар.
1-апрелге чейин декларация тапшырууга милдеттүүлөр:
— Жергиликтүү уюмдар (бюджеттен каржылануучу жана мүлк салыгы боюнча милдеттенмелери жок уюмдардан тышкары);
— Кыргызстанда туруктуу мекеме түзүп, иш алып барган чет өлкөлүк уюмдар;
— Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер;
1-майга чейин декларация тапшырууга милдеттүүлөр:
— Жеке ишкерлер;
— Патенттин негизинде же өзгөчө режимдеги соода аймагында иштеген жеке жактар;
— Чет өлкөдө эл аралык уюмда, дипломатиялык жана консулдук мекемеде иштеген КРнын жарандары;
— Салык салынуучу киреше алган жана киреше салыгы боюнча милдеттенмеси бар жеке жактар;