Мамлекеттик салык кызматы «D Billions» белгилүү тобу менен биргеликте балдар жана өспүрүмдөр үчүн мультимедиалык анимациялык тасма даярдады. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти.
«Ошондой эле, мультфильм өспүрүмдөрдүн жарандык жоопкерчилигин, коомдук аң-сезимин калыптандырууну, өлкөнүн өнүгүүсүнө багытталган жаратмандык, позитивдүү иштерге жигердүү катышууну жана мекенге болгон сүйүүнү арттырууну көздөйт»,- деп айтылат маалыматта.










