Бүгүн, 26-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Кубанычбек Самаков Башкы прокурордун орун басары Үмүткан Конкубаевадан 2013-жылы Азиз Батукаевди жаза өтөө мөөнөтү бүтө электе бошотуу иши боюнча канча киши жоопко тартылганын сурады.
«Сиздер алып келген мыйзамда, шектүү же айыпталуучу катуу оруп калганда же каза болгондо кабарлануучу адамдардын чөйрөсүн кеңейтели деп айтып жатасыздар. Эсиңизде бар да, 2013-жылы Азиз Батукаев дегенди жасалма документ менен «эртең өлөт» деп түрмөдөн бошотуп жиберишкен. Ошол иш боюнча канча киши шектүү деп табылып, канча киши жазасын алды?», — деп сурады эл өкүлү.
Башкы прокурордун орун басары ошол кездеги жооптуу кызматтагылардын баары жоопко тартылганын айтты. Анын айтымында, көзөмөл кылган прокурорлор, эскпертизанын корутундусун алмаштыргандар, ал ишке тиешеси бар жооптуу кызматкерлердин баары жазасын алышкан. Үмүткан Конкубаева маалымат жашыруун болбосо, кагаз түрүндө жооп берерин кошумчалады.
Депутат ошол кездеги башкы прокурор Аида Салянованын бул иш боюнча кандай жаза алганына кызыкты. Конкубаева ал боюнча так маалымат жоктугун билдирди.
Кубанычбек Самаков ал иштин баары ошол кездеги башкы прокурордун тапшырмасы менен болгонун, соту да, медициналык мекемеси да, жаза аткаруу кызматы да Салянованын айтуусу менен иш алып барганын кошумчалады. Бул иш боюнча Салянова эмне жаза алганын кат жүзүндө жоопто күтөрүн белгиледи.
Министрлер кабинетинин төрагасы демилгелеген шектүү же айыпталуучу каза болгондо же катуу ооруганда милдеттүү түрдө кабарланууга тийиш болгон адамдардын чөйрөсүн кеңейтүү боюнча мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды.