“Сапат” билим берүү мекемелер тармагы “Маариф” фондунун башкаруусуна өткөнүн өкмөттөн кабарлашты.
«Жаңы башкарууга өтүү процесси мыйзам чегинде. Эмгек жамааттарынын укуктарын коргоо жана окуу процессинин үзгүлтүксүздүгү кепилденет”, — деп айтылат маалыматта.
«Маариф» фонду жакынкы айларда ири инвестицияларды тартууну көздөп жатканын билдирди. Алар мектептердин тармагын кеңейтүү, заманбап технологияларды жана окутуу программаларын киргизүү, ошондой эле окуучулар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүү.
Түркиянын Маариф Фонду (Türkiye Maarif Vakfı) 2016-жылы Түркиянын Билим берүү министрлигинин алдында түзүлгөн мамлекеттик уюм. Кыргызстанда “Маариф” фонду өз ишмердүүлүгүн активдүү өнүктүрүүдө. 2021-жылы Бишкекте фонддун биринчи мектеби ачылган, ал 11 миң чарчы метр аянтты ээлеген кампуста жайгашкан жана 61 класска эсептелген. Бул мектепте билим берүү кыргыз, түрк жана орус тилдеринде англис тилин үйрөнүү менен Кыргызстандын жана Түркиянын мамлекеттик стандарттарына ылайык жүргүзүлөт. Табигый илимдерге, гуманитардык илимдерге, жаңы технологияларга жана маданиятка өзгөчө көңүл бурулат.