Бүгүн, 2-январда “Сапат” эл аралык билим берүү мекемесинин жалпы мүлкү, мөөрү расмий ээлик кылуучу “Маариф” түрк фондуна өткөрүп берилди. Бул тууралуу аталган билим берүү мекемесинен билдиришти.
«Мындан аркы ишмердүүлүк боюнча бардык юридикалык жоопкерчилик “Маариф” фондуна тиешелүү экендигин билдиребиз»,— деп айтылат маалыматта.
Буга чейин Министрлер кабинети маалымат таратып, “Сапат” билим берүү мекемелер тармагы “Маариф” фондунун башкаруусуна өткөнүн билдирген. Ошол эле учурда “Сапат” билим берүү мекемелер тармагы баракчасына, «Сапаттын” мыйзамдуу түзүүчүлөрү катары өз укугубузду Кыргызстандын мыйзамдарынын негизинде жана эл аралык укук талаасында коргоо боюнча аракетибизди көрөбүз» деген билдирүү таратышкан эле.