Жекшемби, 19.04.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР КООМ

«Сары-Челек таза экен, Соң-Көлдө абал оор деп уктум». Садыр Жапаров Ысык-Көлдү таштандыдан тазалоого катышты

10:03 30.06.2023
0
«Сары-Челек таза экен, Соң-Көлдө абал оор деп уктум». Садыр Жапаров Ысык-Көлдү таштандыдан тазалоого катышты

«Мен Өзгөчө кырдаалдар министри, суучулдар менен чогуу барып, Ысык-Көлдөгү торлорду, түбүндөгү таштандыларды тазалоо иштеринин жүрүшүн жеке өзүм кыдырып, көрүп чыктым». Бул тууралуу кечээ, 29-июнда президент Садыр Жапаров соцтармактагы баракчасына жазды.

«Менин тапшырмам менен ушул жылдын март айынан тарта торлорду, таштандыларды тазалоо иштери башталган. Бүгүнкү күнгө чейин 100 чакырым балык кармоочу тор, 6,8 тонна таштанды чыгарышты. Ушул 100 чакырым тордун көбү эски торлор. Аларга чалынып өлүп, чирип жаткан балыктар, өрдөктөр жана башкаларды көрүп зээниң кейийт.

Биздин суучулдарыбыз канча айдан бери мээнет кылып, бир сыйра тазалап чыгып, көлгө кайра киришсе, дагы жаңы торлорду таап чыгып жатышыптыр. Бул – эмне деген кайдыгерлик, өзүбүздүн көлүбүзгө болгон эмне деген карамүртөздүк?! Анан келип алып, экология жана башка деп тим эле эксперт болуп акыл үйрөтүп чыга келебиз. Эң эле жөнөкөй ичкен-жегенибиздин калдыктарын атайын коюлган урналарга салгандан эринип, туш келди таштап, эч нерсе болбогондой басып кетебиз.

Буга чейин Сары-Челекке да бардым эле. Ал жакта Кудайга шүгүрчүлүк, көлдүн түбү эски торлордон, таштандылардан таза экен. Ал эми дагы бир ири көлүбүз Соң-Көлдө абал кыйын деп маалымат келип жатат. Ал жакты дагы катуу көзөмөлгө алабыз. Буюрса, жалпы республика боюнча жаратылышыбыздын тазалыгына кам көрүү жаатында иштерди улантабыз», — деп жазылат билдирүүдө.

Президент Кыргызстандын Кудай берген ажайып кооз жаратылышын таза кармоого, сактоого чакырат.

«Бир күн менен жашабай, эртеңки келечекке айлана-чөйрөбүздү, көлдөрүбүздү, агын сууларыбызды таптаза кылып өткөрүп берели. Айрыкча, жогоруда аталган көлдөрүбүзгө, жайлоо-төрлөрүбүзгө барган эс алуучулар, таштанды таштабасаңар, силердики болбосо дагы көргөн, жолуктурган таштандыларды тазалап, чыгарып кетсеңер. Колуңарга жугуп калбайт, быйыл бул жерге силер келип эс алсаңар, эмки жылы балдарыңар, аркы жылы неберелериңер келип эс алат. 

Келгиле, жаратылышка аяр мамиле кылуу боюнча өзүңөрдү өзүңөр көзөмөлдөгүлө! Коомдук көзөмөл кылып, бири-бириңерди тарбиялагыла! Жаратылышыбызга өзүбүз күйбөсөк эч ким күйбөйт, эч ким келип тазалап бербейт! Айлана-чөйрөбүзгө алгач өзүбүз туура мамиле кылып, таза сактасак, башкалар да ошого көнөт, ошондой сый мамиле жасайт! Ошентип эс алуу маданиятын калыптандыралы!» — деп жазылат билдирүүдө.

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
СЕРЕП МЕДИА

СЕРЕП МЕДИА

Окшош

Улуу Ата Мекендик согуштун ар бир ардагерине 200 миң сом өлчөмүндө бир жолку материалдык жардам көрсөтүлөт

Улуу Ата Мекендик согуштун ар бир ардагерине 200 миң сом өлчөмүндө бир жолку материалдык жардам көрсөтүлөт

Автор СЕРЕП МЕДИА
12:33 18.04.2026
0

Президент Садыр Жапаров Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине бир жолку материалдык жардам берүү тууралуу тескемеге кол койду. Документке ылайык, Улуу...

Араванда капуста бышып, сатыкка чыкты

Араванда капуста бышып, сатыкка чыкты

Автор СЕРЕП МЕДИА
11:16 17.04.2026
0

Ош облусунун Араван районунда башка аймактарга салыштырмалуу жашылча жемиштер 2-3 жума эрте бышат. Учурда капустанын басай сорту бышып, дыйкандар экспортко...

Төө-Ашуу жана Өтмөктө кар жаап жатат

Төө-Ашуу жана Өтмөктө кар жаап жатат

Автор СЕРЕП МЕДИА
16:49 16.04.2026
0

Аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу 15-апрелден 19-апрелге чейин жаан-чачын күтүлүп, абанын температурасы жогорулайт. Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу...

Президенттин Ошко иш сапары жыйынтыкталды: жарандардын кайрылуулары көз жаздымда калбайт

Президенттин Ошко иш сапары жыйынтыкталды: жарандардын кайрылуулары көз жаздымда калбайт

Автор СЕРЕП МЕДИА
14:40 16.04.2026
0

Президент Садыр Жапаровдун Ош облусуна болгон иш сапары жыйынтыкталды. Өлкө башчысы Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев менен биргеликте...

Бишкекте ысык суу эмне үчүн жай мезгилинде эмес, эрте өчүрүлдү? Мэриянын маалыматы

Бишкекте ысык суу эмне үчүн жай мезгилинде эмес, эрте өчүрүлдү? Мэриянын маалыматы

Автор СЕРЕП МЕДИА
09:52 16.04.2026
0

Кечээ, 15-апрелде Бишкек шаарынын ЖЭБнин базасында Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин жана Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Үсөналиевдин төрагалыгы алдында...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
УКМК: Сокулукта милиция кызматкерлери пара менен кармалды

УКМК: Сокулукта милиция кызматкерлери пара менен кармалды

12:42 18.04.2026
Спортчуларга стипендия төлөө тартиби боюнча жаралган талкууларга байланыштуу түшүндүрмө берилди

Спортчуларга стипендия төлөө тартиби боюнча жаралган талкууларга байланыштуу түшүндүрмө берилди

12:47 18.04.2026
Клёкнер: «Германия Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн ичинен Кыргызстан менен кызматташууга өзгөчө көңүл бурат»

Клёкнер: "Германия Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн ичинен Кыргызстан менен кызматташууга өзгөчө көңүл бурат"

12:54 18.04.2026
Клёкнер: «Германия Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн ичинен Кыргызстан менен кызматташууга өзгөчө көңүл бурат»

Клёкнер: "Германия Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн ичинен Кыргызстан менен кызматташууга өзгөчө көңүл бурат"

12:54 18.04.2026
Спортчуларга стипендия төлөө тартиби боюнча жаралган талкууларга байланыштуу түшүндүрмө берилди

Спортчуларга стипендия төлөө тартиби боюнча жаралган талкууларга байланыштуу түшүндүрмө берилди

12:47 18.04.2026
УКМК: Сокулукта милиция кызматкерлери пара менен кармалды

УКМК: Сокулукта милиция кызматкерлери пара менен кармалды

12:42 18.04.2026

АРХИВ

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
« Мар    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (220) 88-29-29
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү