«Жокко чыгарылды деген дипломум бул журналисттик кесипке байланыштуу болчу». Бул тууралуу Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Орозайым Нарматова билдирди.
«Социалдык тармактарда эң көп таң калтырганы — бул «Орозайым Нарматованын кесиби эмне экен?» деп суроо салгандар болду. Албетте, саясатчы кесип эмес, саясатчы болуп калыптанасың. Менин биринчи кесибим бул — эсепчи, ал эми экинчи кесибим бул — жокко чыгарып койду деген дипломдук кесибим журналист. Журналисттик менин каныма, жаныма сиңип калган», — деди ал.