Кыргыз улуттук филармониясында өткөрүлгөн ыр кечени Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев демилгелеп, керектүү каражатты резервдик фондунан бөлүп берген. Бул тууралуу парламенттен маалымдашты.
Иш-чарада акындын сөзүнө жазылган чыгармалар аткарылып, ырлары көркөм окулду. Андан соң Нурланбек Шакиев сөз сүйлөп, акындын өмүр жолуна токтолду. «Зайырбек Ажыматов Алыкул Осмонов, Сүйүнбай Эралиев, Омор Султанов өңдүү залкарлардын жолун улаган улуу акын. Балким тирүүсүндө баалабадык, татыктуу сый көрсөтө албадык. Бирок ал өзүнө чыгармачылыктын бийик мунарасын куруп кетти. Андыктан, көзү өтсө да, ыр сүйгөн кыргыз элинин эсинде түбөлүккө жашай берет», — деди. Ошондой эле Зайырбек Ажыматовдун көзү тирүүсүндө «Нөлү көп жылдар» аталышындагы эмгегине демөөрчү таап, чыгарууга көмөктөшкөнүн айткан Нурланбек Шакиев: «Ал чыгармачылык менен гана алектенип, башка дүйнөгө жутунбаган, сезимтал акын эле», — деп эскерди.
Андан тышкары, акындын жакын досу, депутат Мирлан Самыйкожо, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Кайрат Иманалиев баштаган жетекчилер, замандаштары жана маданият өкүлдөрү сөз сүйлөштү. Ыр кеченин соңунда жаңы эле негизделген Зайырбек Ажыматов атындагы фонд тарабынан жаш акындар Айзат Кудайберди кызына, Улукбек Омокеевге жана журналист Нурболот Азаматка «Зайырбек Ажыматов» атындагы адабий сыйлыктар ыйгарылды.
«Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактарынын автору Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 44 жашында дүйнө салган.
Президент Садыр Жапаровдун демилгеси жана колдоосу менен 2026-жылдын 1-апрелинен тартып билим берүү системасынын кызматкерлеринин эмгек акысы учурдагы деңгээлден 100 пайызга...
Бишкек-Ош автожолуна түшкɵн кар кɵчкү саат 11:30да толугу менен тазаланып, эки тараптуу каттам камсыздалды. Учурда Арал постунан киргизилген оор жүк...
Бүгүн, 11-мартта таңкы саат 6:50дɵ Бишкек-Ош авто жолунун 224-чакырымында Ала-Бел ашуусунда кар кɵчкү түштү. Бардык авто унаалар үчүн каттам убактылуу...
Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы 2026-жылдын Орозо айт майрамы 20-март күнүнө дал келерин маалымдайт. Бул чечим ТМУга мүчө-өлкөлөрүнүн муфтияттарынын алдындагы фатва...
8-март күнү саат 17:45 чамасында Нарын-Жаңы-Жол унаа жолунун Жаңы-Жол тилкесинде тоо боорунан шагыл аралаш таштар кулап, жолдо кооптуу абал жаралган....