Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, 8-сентябрда күндүн экинчи жарымында жана 9-сентябрдан 10-сентябрына чейин туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Жалал-Абад, Ысык-Көл облусунун тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Буга байланыштуу ӨКМ жер-жерлерде жарандык коргонуу кызматтарынын күч жана каражаттарын даярдык абалда кармоону эскертти. Кырсык катталганда «112» номуруна чалыңыз.









