Бул жолку каарманыбыз “Шо энди” деп сүйлөгөн кыз 7 жылдан кийин алгачкы жолу маек берип, ошол видео кантип тартылып калганы тууралуу айтып берди. “Мен ал видеону жөн эле тартып койгом, бирок үйдөгүлөр көрүп калып аябай күлүшкөн, ошентип интернетке чыгарып жиберип таанымал болуп кеттим» дейт ал.
«Мектепти аяктаган соң, Жогорку окуу жайда окугум келет. Дарыгер болгум келет. Биздин үйдө уул бала жок. Уулдун ордун басып, ата-энем сыймыктанган адам болгум келет. Ата-энемдин ыраазычылыгын алгым келет»,- деди ал.