Бейшемби, 09.04.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР КООМ

Шыкмаматов: «Курулуш компанияларын бирдиктүү салыкка өткөрүү тармакты көмүскөдөн чыгарат»

17:42 09.04.2026
0
Шыкмаматов: «Курулуш компанияларын бирдиктүү салыкка өткөрүү тармакты көмүскөдөн чыгарат»
Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов өлкөдөгү курулуш ассоциацияларынын жана компанияларынын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү. Иш-чарага Мамлекеттик салык кызматынын жетекчилиги, Соода-өнөр жай палатасынын өкүлдөрү, курулуш ассоциацияларынын, ири жана аймактык компаниялардын өкүлдөрү катышты.

Алмамбет Шыкмаматов курулуш тармагынын өлкө экономикасы үчүн стратегиялык мааниге ээ экенин, анын жумуш орундарын түзүүдөгү, инфраструктураны өнүктүрүүдөгү жана туруктуу экономикалык өсүштү камсыз кылуудагы ролун баса белгиледи. «Бул жылы курулуш тармагынан түшкөн киреше 17 млрд сомду түздү. Ал эми 2024-жылы — 10 млрд сом болгон. Акыркы беш жылда түзүлгөн система тармакты көмүскөдөн чыгарууга багытталган. Бүгүнкү күндө компаниялар ачык иштөөгө өтүп, салыктарды өз убагында төлөп, заманбап технологияларды киргизүүдө», — деп белгиледи Салык кызматынын төрагасы.

Ал тармактагы салык системасын мындан ары жөнөкөйлөтүү жана өркүндөтүү зарылдыгына токтолду. Негизги чечимдердин бири катары курулуш компанияларын бирдиктүү салык режимине өткөрүү пландалууда. Бул административдик жүктү азайтып, ишмердүүлүктүн ачыктыгын жогорулатып, ак ниет бизнес үчүн жагымдуу шарттарды түзөт. Ал ошондой эле бул жолугушуу мамлекет менен курулуш секторунун ортосундагы конструктивдүү диалогду өнүктүрүүдө маанилүү кадам экенин белгиледи.

Жыйындын жүрүшүндө Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков курулуш тармагына тиешелүү салык мыйзамдарындагы акыркы өзгөрүүлөр тууралуу маалымат берип, учурдагы көйгөйлөрдү чечүүгө жана бизнес жүргүзүү шарттарын жакшыртууга багытталган демилгелерди сунуштады. Мындан тышкары, катышуучулар салык маселелерин, анын ичинде объектилер сатылгандан кийинки сатуу салыгын төлөө, мүлк салыгын кайра эсептөө, салык жеңилдиктерин берүү, ошондой эле Салык кызматынын электрондук кызматтарын өнүктүрүү жана отчеттуулукту тапшырууну жөнөкөйлөтүү маселелерин талкуулашты.

Төрага салык төлөөчүнүн рейтинги институтун киргизүүнүн маанилүүлүгүн өзгөчө басым жасады. Салык милдеттенмелерин өз убагында аткарган жана отчетторду тапшырган компаниялар бизнес үчүн үлгү катары каралат. Ошондой эле ал мамлекет менен өз ара аракеттенүүнү күчөтүү жана тармактын кызыкчылыктарын коргоо үчүн бирдиктүү курулуш ассоциациясын түзүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады. Жолугушуунун жыйынтыгында бизнес өкүлдөрү тарабынан айтылган бир катар сунуштар кароого алынды. Салык кызматынын тиешелүү бөлүмдөрү тарабынан салык мыйзамдарын мындан ары өркүндөтүү механизмдери иштелип чыгат.
БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
СЕРЕП МЕДИА

СЕРЕП МЕДИА

Окшош

Накталай эмес төлөм, айлык акынын 30%га жогорулашы: мэр коомдук транспорттун айдоочулары менен жолугушту

Накталай эмес төлөм, айлык акынын 30%га жогорулашы: мэр коомдук транспорттун айдоочулары менен жолугушту

Автор СЕРЕП МЕДИА
18:18 09.04.2026
0

Бишкек шаарынын мэри "Бишкек шаардык транспорт" муниципалдык ишканасынын айдоочулары менен жолугушуп, анда бир катар маселелер талкууланды. Жолугушуунун алкагында калаа башчысы...

Алайда ок атуудан жаракат алган аскер кызматкеринин абалы өтө оор

Алайда ок атуудан жаракат алган аскер кызматкеринин абалы өтө оор

Автор СЕРЕП МЕДИА
16:18 09.04.2026
0

Бүгүн, 9-апрелде Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында саламаттыкты сактоо министри Дамир Осмонов Алай районунун Жалпы дарыгерлик практика борборуна барды....

Кыргызстанда жаныбарлар дүйнөсүнө келтирилген зыян үчүн жоопкерчилик күчөтүлдү

Кыргызстанда жаныбарлар дүйнөсүнө келтирилген зыян үчүн жоопкерчилик күчөтүлдү

Автор СЕРЕП МЕДИА
15:44 09.04.2026
0

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерине зыян келтиргендик үчүн айып пулдардын өлчөмүн (таксаларды) олуттуу жогорулатуу жөнүндө...

Кыргыз Республикасы Жакынкы Чыгыштагы ок атышууну токтотуу боюнча макулдашуунун жетишилгенин кубаттайт

Кыргыз Республикасы Жакынкы Чыгыштагы ок атышууну токтотуу боюнча макулдашуунун жетишилгенин кубаттайт

Автор СЕРЕП МЕДИА
09:30 09.04.2026
0

Кыргыз Республикасы Жакынкы Чыгыштагы ок атышууну токтотуу боюнча макулдашуунун жетишилгенин, ошондой эле Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шарифтин жана башка кызыкдар тараптардын...

Бишкектеги кайгылуу окуя боюнча козголгон кылмыш иши ички иштер министринин көзөмөлүндө

Бишкектеги кайгылуу окуя боюнча козголгон кылмыш иши ички иштер министринин көзөмөлүндө

Автор СЕРЕП МЕДИА
16:10 08.04.2026
1

4-апрелдеги Бишкек шаарында эне-баланын өлүмү, ошондой эле дагы бир баланын ооруканага жаткырылышы менен коштолгон кайгылуу окуя боюнча козголгон кылмыш ишинин...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Алайда ок атуудан жаракат алган аскер кызматкеринин абалы өтө оор

Алайда ок атуудан жаракат алган аскер кызматкеринин абалы өтө оор

16:18 09.04.2026
Текебаев: «Садыр Жапаров: элдин даңктуу тарыхы — анын жаркын келечегинин бекем фундаменти»

Текебаев: "Садыр Жапаров: элдин даңктуу тарыхы — анын жаркын келечегинин бекем фундаменти"

08:50 09.04.2026
Нарындагы окуучунун өлүмү боюнча завуч кармалды

Нарындагы окуучунун өлүмү боюнча завуч кармалды

14:58 09.04.2026
Накталай эмес төлөм, айлык акынын 30%га жогорулашы: мэр коомдук транспорттун айдоочулары менен жолугушту

Накталай эмес төлөм, айлык акынын 30%га жогорулашы: мэр коомдук транспорттун айдоочулары менен жолугушту

18:18 09.04.2026
Аламүдүн районуна жаңы аким келди

Аламүдүн районуна жаңы аким келди

17:53 09.04.2026
Эдил Байсалов Кыргызстандын АКШдагы элчиси болуп дайындалды

Эдил Байсалов Кыргызстандын АКШдагы элчиси болуп дайындалды

17:45 09.04.2026

АРХИВ

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
« Мар    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (220) 88-29-29
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү