Кечээ, 19-март күнү өлкөдөгү омуртка булчуң атрофиясы диагнозу коюлуп, ал оору менен көп жылдан бери алышып келе жаткан балдардын ата-энеси менен Жогорку Кеңеште жолугушуу болуп өттү. Бул тууралуу депутат Советбек Рустамбек уулу билдирди.
Маалыматка караганда, талкууга саламаттык сактоо министринин орун басары Каарманбек Байдавлетов, СМА боюнча дарыгер Айгүл Тургунбекова катышып, ата-энелердин бир катар суроолоруна жооп берип, оору тууралуу кеңири түшүнүк берген.
Жыйындын негизги максаты СМА диагнозу коюлган балдардын дарылануусун мамлекет тарабынан колдоо, дары-дармектерин жеткиликтүү баа менене камсыздоо, реабилитация маселелерин жеңилдетүү болгон.