Бүгүн, 19-ноябрда Социалисттик эмгектин Баатыры Корчубек Акназаровдун 100 жылдык мааракесине арналган эскерүү иш- чарасы Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында белгиленди. Бул тууралуу Маданият министрлигинен маалымдашты.
Эскерүү алгач маркумдун «Ала-Арча» көрүстөнүндөгү күмбөзүнө барып куран окуу жана эстелигине гүл чамбар коюу менен башталды. Иш-чарага Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов барып катышты. Андан соң, 100 жылдык мааракеге арналган эскерүү иш-чарасы Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында уланды. Ага мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, Маданият министри Алтынбек Максутов, Кыргыз эл баатыры Апас Жумагулов жана башка белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, Корчубек Акназаровдун жакындары катышты.
Бүгүн, 25-апрелде Бишкек шаарында “Алай шырдамалы” фестивалы болуп өттү. Иш-чара Жогорку Кеңешинин төрагасына караштуу Климаттын өзгөрүүсүнүн шарттарында туруктуу өнүктүрүү боюнча кеңештин...
Президент Садыр Жапаров жана Азербайжандын президенти Ильхам Алиев 24-апрелде Баку шаарында улуу кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун эстелигинин ачылыш аземине катышты....
Бишкекте Токтогулова Диана Талантбековна дайынсыз болуп, изделип жатат. Бул тууралуу Свердлов РИИБден билдиришти. Маалыматка караганда, 22-апрелде милицияга апасы кайрылып, кызы...
Эртең, 25-апрелде түнкүсүн Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн...