Согуштун ардагери Туркенакун Бейшембаев каза болду. Ал 99 жашта болчу.
Туркенакун Бейшембаев 1925-жылы 1-июлда Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Төрт-Күл айылында туулган. 1942-жылы 17 жашында Кызыл Армиянын катарына чакырылып, Украина, Беларусь, Венгрия, Молдавия, Румыния жана Чехословакиядагы салгылашууларга катышкан. Жаракат алгандан кийин кызматын уланткан. 2-даражадагы Ата Мекендик Согуш ордени, «Жуков» медалы жана «Германияны жеңгендиги үчүн», «Белоруссияны бошоткондугу үчүн», «Молдавия менен Румынияны бошоткондугу үчүн» медалдары менен сыйланган.
Тоң районунун сактык кассасынын башчысы, андан кийин мамлекеттик камсыздандыруу кызматынын башчысы болуп иштеген.