Социалдык тармактарда Новопавловка айылында тартылган видео тарады. Анда жогорку класстын окуучусу өзүнөн кичүү окуучуларды тизип алып уруп жатканын көрүүгө болот.
Видеонун алдында 9-класстын окуучусу 8-класстын окуучуларын уруп жатканы айтылган. Окуя боюнча Чүй ОИИБге кайрылганыбызда, териштирүү башталганын билдиришти.
«Аталган окуя Сокулук районунун ички иштер бөлүмүндө катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иши башталган. Учурда окуя боюнча милиция кызматкерлери текшерүү иштери жүргүзүлүп жатат, жыйынтыгы менен кошумча маалымат берилет», — дешти.
Посмотреть эту публикацию в Instagram