Соңку 10 жыл ичинде Ысык-Көлдө мөңгүлөрдүн аянты 23,1%га азайды
Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорология кызматы (Кыргызгидромет) Министрлер кабинетинин 2026-жылга карата Иш-аракеттер планында белгиленген тапшырмаларды аткаруунун алкагында Ысык-Көл ойдуңунун мөңгүлөрүнүн Каталогун толук жаңылады.
Жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгында Ысык-Көл ойдуңу боюнча мөңгүлөрдүн бирдиктүү жаңыланган инвентаризациясы түзүлүп, анда мөңгүлөрдүн такталган чек аралары, морфометриялык көрсөткүчтөрү жана жаңыланган атрибуттук маалыматтары камтылды. Каталогду даярдоодо Copernicus программасынын Sentinel-2 спутниктик сүрөттөрү, QGIS геомаалыматтык системасы, Google Earth платформасы, ошондой эле мурдагы инвентаризациялардын жана мөңгүлөр каталогдорунун материалдары колдонулду. Изилдөөлөрдүн жыйынтыгында мөңгүлөрдүн чек аралары такталып, бөлүнүп кеткен, жаңы пайда болгон жана толугу менен жок болгон мөңгүлөр аныкталды.
Жаңыланган Каталог Кыргыз Республикасынын криосферасына мониторинг жүргүзүү боюнча улуттук тутумду өнүктүрүүгө багытталган маанилүү маалыматтык ресурс болуп саналат жана мамлекеттик органдарды, илимий мекемелерди, долбоорлоочу жана инженердик уюмдарды мөңгүлөрдүн учурдагы абалы жөнүндө ишенимдүү маалымат менен камсыз кылат. Жаңыланган инвентаризациянын маалыматтарын мурдагы каталогдор менен салыштыруу акыркы 70-90 жыл аралыгында Ысык-Көл ойдуңундагы мөңгүлөрдүн жалпы аянты 33,7%га кыскарганын көрсөттү. Ал эми акыркы 7-10 жыл ичинде мөңгүлөрдүн аянты дагы 23,1%га азайган. Бул көрсөткүчтөр климаттын өзгөрүшүнүн таасири астында мөңгүлөрдүн деградациясы интенсивдүү жүрүп жатканын айкын далилдейт.