Бүгүн, 8-ноябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Кыргызстанга иш сапары менен келген Түркиянын ички иштер министри Сулейман Сойлуну кабыл алды.
Жолугушууда төрага Нурланбек Шакиев Кыргызстан Түркия менен стратегиялык өнөктөштүктү жана боордоштук мамилелерди чыңдоого артыкчылык берерин баса белгилеп, акыркы эки жылда мамлекет башчыларынын алгылыктуу аракети менен саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык, аскердик-техникалык багыттардагы кызматташтык жаңы деңгээлге көтөрүлгөнүнө токтолгон. Анын ичинен парламенттер аралык алакалар тууралуу да сөз кылган Нурланбек Шакиев:«Эки өлкө ортосундагы кызматташтыкта парламенттер аралык байланыш эң чоң потенциалга ээ. Биздин биргелешкен иш-аракеттерибиз, ар кандай эл аралык маселелер боюнча жалпы позициябыз жана өз ара колдообуз алакабыздын натыйжалуулугун көрсөтүп келет», — деди.
Өз кезегинде Сулейман Сойлу жылуу кабыл алгандыгы үчүн Нурланбек Шакиевге ыраазычылык айтып, Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланышы менен куттуктады. «Мамлекет башчыларыбыздын жигердүү колдоосунун негизинде бардык тармактар боюнча алакабыз артууда. Айрыкча, Ички иштер министрлигинин деңгээлинде кызматташтык кеңейип, терроризмге, баңгизаттарын колдонууга жана аларды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү жаатында биргелешкен аракеттер көрүлүүдө», — деди Сойлу.
Бүгүн, 10-июлда Бөкөнбаев көчөсүндө жайгашкан музыкалык мектеп-интернатынан чыккан өрт саат 12:19да чектөөгө алынды. Учурда толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу...
"Бишкектен келген жетекчилерге чай куюп, мейманканасын төлөп бербегиле!" Бул тууралуу Камчыбек Ташиев Оштогу жергиликтүү бийлик менен болгон жыйында билдирди. "Бишкектен...
Буга чейин социалдык тармактарда мушкер Канат Келдибеков жардамга муктаж деген видеолорду көрсөңүз керек. Биз анын азыркы учурдагы абалын билип кайттык....
Кечээ, 9-июль күнү катуу жааган жамгырдын кесепетинен Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун 245–262-264-чакырымдар аралыгында сел жүрүп, жолго таштар...
УКМКнын төрагасынын жакын туугандарынын аты-жөнүн пайдаланып өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык кылган дагы бир кылмыш ишине бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКдан...
Спикердин ишине ийгилик, элибиз үчүн жакшы чечимдердин кабыл алынышына тилектешпиз!