Студенттердин онлайн окуу процесси 1-октябрга чейин узартылганы жөнүндө маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Билим берүү министрлигинен билдиришти.
Онлайн окуу форматы Бишкек шаарындагы жогорку жана орто кесиптик билим берүү уюмдарында (медициналык билим берүү уюмдарынан тышкары) 15-сентябрга чейин гана жүргүзүлөт. «15-сентябрдан тарта офлайн окутуу башталат», — дешти.











