SuperTV эмне үчүн аталышын SerepTV деп өзгөрттү? Бул суроого Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, саясатчы, «Сереп» Медиа холдингинин тең ээлик кылуучусу Орозайым Нарматова жана SerepTV телеканалынын директору, ошондой эле «Сереп» Медиа холдингинин тең ээлик кылуучусу Бактыгүл Сокушова жооп беришти.
«SerepTV деген аталыш биздин аудиторияга жаңы аталыш эмес. Бизде СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги иштеп келгени маалым. Биринчиден, бардык медианы бир өзөккө бириктирели деген ой болду. Экинчиден, SuperTV деген брендге байланыштуу коомчулукта шоу-бизнес жана маданият тармагы менен чектелип калган материалдарды чагылдырат деген ой-түшүнүк калыптанып калган. Ошол эле учурда SuperTV элдин көйгөйүн чагылдырып, аны бийликке жеткирүүдө көпүрө болуп келген. Сереп деген бул бардык маалыматка саресеп салууну түшүндүрөт эмеспи. SuperTV деген аталыш биздин тарыхыбызда калат. Кийинки жаңы баракчаны SerepTV деп ачабыз», — деди SerepTV телеканалынын директору, ошондой эле «Сереп» Медиа холдингинин тең ээлик кылуучусу Бактыгүл Сокушова.
«Албетте, заматта өзгөрүп кеткен жок. Аталышты өзгөртпөйлүбү деп сунуш киргизип калдым. Анткени жеңил-желпи кабыл алган коомчулуктун да катмары бар. Жаңы адамдардын табитин таап, аларга жаңы контентти да тартуулайлы дедик. Бул өзгөрүүлөрдүн бардыгы алдыдагы алгылыктуу иштердин башаты», — деди Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, саясатчы, «Сереп» Медиа холдингинин тең ээлик кылуучусу Орозайым Нарматова.