Кечээ, 3-декабрда иликтөөчү журналист Болот Темиров социалдык тармактагы баракчасында 16-сентябрда саясатчы, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Орозайым Нарматова «Сереп» Медиа холдинг ЖЧКсынын ээси болгонун жазып чыккан. Бул боюнча Орозайым Нарматова түшүндүрмө берген. SuperTV телеканалы жана СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигинин жетекчиси Бактыгүл Сокушова кырдаалды түшүндүрдү.
«SuperTV телеканалы жана СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигинин тегерегиндеги соцтармактагы талкууларга байланыштуу 2020-жылдан тарта жогорудагы эки редакциянын жетекчиси, тең негиздөөчүсү катары кырдаалды түшүндүрө кетейин дедим.
Ооба, учурда “Сереп” Медиа холдинг ЖЧКсынын негиздөөчүлөрүнүн бири — Орозайым Нарматова. Ал соцтармактагы баракчасында жазгандай, биздин редакция адегенде 2020-жылдан тарта үгүт маалындагы пиар кампаниянын алкагында кызматташууну баштаган. Соңку жылдары өзгөчө пандемиядан кийин Кыргызстандагы медиа рыноктун финансылык абалы кандай болуп жатканы журналисттик коомчулукка жакшы белгилүү. Айрыкча мамлекеттен же эл аралык уюмдардын эсебинен каржыланбаган ЖМКлардын барган сайын өзүн өзү каржылоосу кыйындап жатат. Бир эмес, эки редакциянын ишин улантуу, ал эле эмес, аны өнүктүрүү максатында өнөктөш издей баштадык. Мына ошондой максаттарды көздөп, биз кыргыздын кыйын кыздарынын бири, келечеги кең, адамгерчиликтүү, журналисттик жогорку билим да бар, ЖМКлардын ишин да жакшы билген, жаштыгына карабай, Орусияда бир катар ишкердик менен алектенген деп Орозайым Нарматовага чогуу иштешүү сунушун киргиздик. Анын макулдугун биз кубанып кабыл алдык жана жакынкы күндөрдө, тагыраагы теле-радио кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата биздин редакция дагы бир чоң жаңылыкты бөлүшөт»,- деп жазды директор.