Суучулдар өткөн аптада көл түбүнөн торлорду тазалоо учурунда чопо идиштерди жана карапалардын сыныктарын табышты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
ӨКМге караштуу суучулдар кызматынын башчысы Сабыржан Аламановдун айтымында, торлорду тазалоо учурунда идиштер жана карапалардын сыныктары көлдүн 15-20 метр тереңинен табылган.








