1-октябрдан тарта пенсия жогорулатылды. Бул тууралуу Биринчи радиого Социалдык фонддун төрагасынын орун басары Гүлнура Жуматаева билдирди.
Анын айтымында, жогорулатылган пенсия 10-октябрдан тарта бериле баштайт. «Салт болуп калды 1-октябрдан тартып пенсия көтөрүлөт. Быйыл да ошондой болуп жатат. Пенсия 10 пайызга көтөрүлөт. Эсептөөлөр толугу менен бүттү. Пенсия алуучулардын жалпы саны 813 миңден ашты», — деди ал.
Кыргызстанда пенсияга аялдар 58 жаштан, эркектер 63 жаштан чыгат. Эң аз пенсия быйыл 7200 сом болот.












Атасы жок балдардын да пенсиясы көтөрүлдүбү