Кечээ, 23-декабрда Сүлүктү шаарынын борбордук аянтында жаңы жылдык балатынын отун жандыруу аземи болуп өттү. Бул тууралуу Сүлүктү шаарынын мэри Болот Абдыжапаров соцтармактагы баракчасында жазды.
«Иш-чаранын алкагында Маданият бөлүмү тарабынан уюштурулган концерттик программа да көрүүчүлөрдүн купулуна толду. Белгилүү ырчы Самара Каримованын сахнага чыгышы өзгөчө кызыгуу жаратып, кече меймандар үчүн унутулгус белек болду»,— деп жазылат маалыматта.
Эске салсак, былтыр социалдык тармактарда Сүлүктү шаарынын балатысынын сүрөтү тарап, талкуу жараткан Шаар мэри Болот Абдыжапаров сүрөт балаты жасалып бүтө электе тартылганын жазган.