«Мен «Өзгөн айланма жолу» долбоорунан чыктым. Биздин эми бул акылуу жолго тиешебиз жок», — деди УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Тай-Мурас Ташиев.
«Бул долбоорго катышууну Нурлан Чолпонбаевич (ред.Сулайманов) мага сунуштаган. Ал Өзгөндө тыгын болуп жатат, альтернативалык жол курулууда деп калды. Анан катышып калдык. Каражатка келсек, 20 жыл мурда курулган заводду сатып, анан кредит алып, ошол акчаны жумшагам. Бул долбоордон атам чык деди, азыр мен аталган долбоордо жокмун», — деди ал.